Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

16-18-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

17-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, Ысык-Көл облусунун акваториясынын батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндуз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндуз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндуз 1…6.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 11 …13° жылуу болот.

Дагы караңыз

Министрлик Москвадагы институттун Караколдогу филиалын сотко бердиКазакстанда Конституция боюнча референдум аяктады, шайлоочулардын 73,24% добуш берди Орусиянын соккусунан Украинада алты адам мерт кетти"Эч ким эмес мырза Путинге каршы" тасмасы Оскар утуп алдыАйыл чарба министрлиги Кыргызстанда эпизотиялык абал көзөмөлдө экенин билдирди