15-март күнү, саат 6:47де Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) шаардагы 3-кичирайондогу батирлердин биринде бир киши бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн.
ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, батирден 46 жаштагы эркек кишинин сөөгүн табышкан. Милиция маркумдун төшүндө бычактан алган жаракаты бардыгын аныктаган.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында маркум жарандык никеде жашаган жубайы менен жаңжалдаша кеткени, анын колунан каза тапканы аныкталган.
Натыйжада шектүү катары 52 жаштагы жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Маркумдун сөөгү Токмоктогу өлүкканага жеткирилип, соттук-укуктук экспертизалар жүргүзүлүүдө.
11-мартта Кара-Балта шаарында күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен 58 жаштагы аял кармалган. Милицияга шектүү аял өзү телефон чалып, үйүндө күйөөсүн өлтүргөнүн айтып, кабар берген. (ZKo)