Бишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулуштун бузулушуна түшүндүрмө берди

ЦУМдун жанындагы бузулуп жаткан имарат. Бишкек. 16-март, 2026-жыл.

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанындагы жаңы салынып жаткан үч кабаттуу имараттын толук бузулушу боюнча шаар башчысы түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, курулушту “Ташболот Холдинг” компаниясы бузат. Бузуу иштерине Бишкек архитектура кызматы көзөмөл кылат.

Мэр Айбек Жунушалиев 16-мартта имаратты бузуу иштери жүрүп жаткан жерге барган кезде "мэрия буга чейин эмнеге караган эмес?" деген суроого жооп берди:

"Мэрия каякты карап отурган, мамлекеттик органдар кайда эле?" деген суроолор айтылып жатат. Эми ар бир курулуш куруучулардын жоопкерчилиги. Биз негиздемелерди бүтүрүп бергенбиз. Андан тышкары шаардыктардын да оюн эске алышыптыр. Фонтан аймагын бузуп, тазалоо үчүн он күн мөөнөт алышкан. Андан кийин шаар куруу кеңешине коюлат, анан так мөөнөтү аныкталат. Бул жерде дагы бузуу иштери 1-кабаттан башталды", - деди Жунушалиев.

Бишкектин Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы салынып жаткан үч кабаттуу имаратты толук бузуу келишими имараттын кожоюндары, шаар бийлиги жана “Ташболот Холдинг” компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кабыл алынганы кабарланган. Имараттын орду көрктөндүрүлөт.

Бузулуп жаткан имараттын курулушу коомчулукта талаш-талкуу жаратып келген.
Буга чейин мэр аталган соода борборунун жанындагы курулушту бузуп, фонтанды калыбына келтирүүнү тапшырган.

Өткөн жылдын аягында Камчыбек Ташиев атайын кызматтын төрагасы болуп турган маалда курулуш жүрүп жаткан жерге барган. Ал курулуш жүргүзүп жаткан ишкер Нариман Түлеевге жолго чыгып кеткен, планда каралбаган курулуштарды алууну тапшырган. Долбоордо эки эле кабат имарат курулушу керектигин белгилеп, үчүнчү кабатты алууну табыштаган.

Бишкек мэриясы туура бир жыл мурда Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү эки жылга жабыларын билдирген. Анда Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган.

Долбоорго "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөрүн билдирген.

“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Дубай аэропортунун жанында дрон чабуулунан мунай резервуары күйүп жататМилиция Токмокто күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү аял кармалганын билдирди Салык кызматы "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемага Ташиевдин үй-бүлөсүнүн катышы бар экенин жаздыТатарстандагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болдуОрусиянын соккусунан Украинада алты адам мерт кетти