Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанындагы жаңы салынып жаткан үч кабаттуу имарат толугу менен бузулат. Мындай чечим аталган имараттын кожоюндары, шаар бийлиги жана “Ташболот Холдинг” компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кабыл алынды.
Аталган компаниянын маалыматына караганда, бул имараттын кожоюндары башка. Бузууга байланыштуу техникалык жумуштарга Old Bishkek долбоорунун өкүлдөрү жардам берет. Имараттын орду көрктөндүрүлөт.
Бул имараттын курулушу коомчулукта талаш-талкуу жаратып келген.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган соода борборунун жанындагы мындан башка дагы курулушту, мурдагы фонтандын ордундагы эскизине окшобогон объектини сынга алган жана аны дагы бузууну, фонтанды калыбына келтирүүнү тапшырган.
Өткөн жылдын аягында Камчыбек Ташиев атайын кызматтын төрагасы болуп турган маалда курулуш жүрүп жаткан жерге барган. Ал курулуш жүргүзүп жаткан ишкер Нариман Түлеевге жолго чыгып кеткен, планда каралбаган курулуштарды алууну тапшырган. Долбоордо эки эле кабат имарат курулушу керектигин белгилеп, үчүнчү кабатты алууну табыштаган.
Бишкек мэриясы туура бир жыл мурда Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү эки жылга жабыларын билдирген. Анда Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган.
Долбоорго "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөрүн билдирген.
“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон.
Шерине