Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 16-мартта БУУда Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарада сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстан диндер аралык диалогду, сабырдуулукту жана маданий, диний көп түрдүүлүктү сыйлоо саясатын ырааттуу түрдө жайылтып келерин белгиледи.
Ошол эле учурда мусулман, христиан, иудейлерге жана башка диндин же ишенимдин жолдоочуларына карата басмырлоого жол берилбей турганын кошумчалады.
Байсалов Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, президент Садыр Жапаровдун аймактагы кырдаалдын курчушуна терең тынчсызданганын билдирди. Ошондой эле Кыргызстан бардык тараптарды болушунча сабырдуулукка, согуштук аракеттерди токтотууга жана БУУнун уставына, эл аралык укуктун эрежелерине ылайык конструктивдүү диалогду кайра баштоого чакыра турганын белгиледи.
Израил менен АКШ Иранга каршы операциясын 28-февралда баштаган. Соккулардан Ирандын жогорку лидери, аятолла Алим Хаменеи баштаган бир топ адам өлтүрүлүп, аскердик жайларга, мунай кампаларына зыян келтирилген.
Буга жооп иретинде Иран АКШнын араб өлкөлөрүндөгү аскердик базаларына, Вашингтондун Перс булуңундагы аскердик базаларына сокку уруп жатат.
16-мартта Дубайдын бийлиги эл аралык аэропортко жакын жерде "дрондорго байланышкан окуядан улам өрт чыкканын" кабарлады. Мунай резервуарларынын бири өрттөндү.
Аэропортто коопсуздукка байланыштуу учак каттамдары убактылуу токтотулуп, кийинчерээк айрым багыттар боюнча рейстер калыбына акырындап келтириле баштаганы кабарланды. (КЕ)