"Хаменеинин оң колу, өлкөнүн көмүскө көсөмү". Али Ларижани өлтүрүлгөнү тастыкталды

Али Ларижани өкмөтчүл митингде. Тегеран, 13-март 2026-жыл.

Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани каза болгону расмий тастыкталды. Израил Ирандын коопсуздук тармагынын жогорку жетекчиси Тегеранга аба соккусунун натыйжасында мерт кеткенин билдирген.

Ислам жумуриятынын медиасы Ларижанини өлкөнүн мурдагы жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин кеңешчиси деп атап келишсе, Израилдин расмий өкүлдөрүнүн бири “Иранды иш жүзүндө башкарган адам” деп сүрөттөгөнү бар.

Таасирдүү саясатчынын жылдызы согуштан кийин кайрадан жанган

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани каза болгонун тастыкташты. Кеңештин билдирүүсүндө Ларижани уулу, дагы бир аткаминер жана бир топ жансакчылары менен кошо каза болгону айтылды.

Ларижани акыркы жолу өткөн жумада Ал-Кудс күнүнүн урматына өткөн митингде калың эл алдына чыккан.

Ларижанини 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы башталган күнү соккудан каза тапкан аятолла Али Хаменеинин “оң колу” деп мүнөздөшчү.

CNN кабарлагандай, израилдик аскердик аткаминерлердин бири Хаменеи өлгөндөн кийин Ларижани Иранды “иш жүзүндө башкарып калганын” айтты. Ошол булактын айтымында, Коопсуздук кеңешинин катчысы Израилге жана Перс булуңундагы араб мамлекеттерине каршы чабуулдарды жетектеп келген.

Мурдагы жылы 67 жаштагы ветеран саясатчыга президенттик кызмат үчүн ат салышууга тыюу салынган. Үч жылдын ичинде ал ошону менен экинчи ирет ушундай чектөөгө туш болгон.

Израил менен Кошмо Штаттардын Иранга каршы былтыр июнда болгон 12 күндүк согушу Ларижанинин кайрадан алдыга суурулуп чыгуусуна өбөлгө түзгөн.

Августта ал өлкө саясатынын багытын аныктаган Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы болуп дайындалган.

Дагы караңыз Израил Ирандын коопсуздук кеңешинин төрагасы Ларижани каза болгонун кабарлады

“12 күндүк согуш учурунда бир нече маанилүү окуя болгон. Расмий адамдар менен маалымат каражаттары ошондо белгилегендей, Ислам жумуриятынын коргонуу дарамети туура эмес бааланганы негизги көйгөй жараткан”, - деп айткан “Фарда” радиосуна ирандык саясий аналитик Бабак Дорбеиги.

Ал кошумчалагандай, эң башкысы уруш маалында жогорку лидер аятолла Али Хаменеиге таянууга болбой турганы ачыкка чыккан.

Хаменеи өлгөндөн кийин Ларижани эң активдүү расмий адамдардын бирине айланган. 2-мартта ал Иран эч кандай сүйлөшүүлөргө барбайт деп кесе билдирген.

Андан кийин Х социалдык тармагындагы баракчасына бир нече агрессивдүү пост жарыялаган. Айрымдарында АКШнын президенти Дональд Трампты ачыктан ачык мазактаган.

“Трамп “Биринчи кезекте Америка” деген принципти бузуп, “Биринчи орунда Израил” деген ураанга өткөн”, - деп ал англис тилинде жазган.

Иракта туулган саясатчы

Ларижани 1958-жылы Ирактын Нажаф шаарында, алдынкы диниятчынын үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинде ата-энеси менен чогуу Иранга көчүп барган.

Ислам революциясынан кийин, 1981-1983-жылдары Революция сакчылары корпусунда кызмат өтөгөн. 1994-жылдан тартып 10 жыл мамлекеттик теле жана радио каналын башкарган. 2005-2007-жылдары Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө Тегерандын делегациясын жетектеп, 2020-жылга чейин парламенттин спикери болгон.

Дагы караңыз Reuters: Трамп Иран менен сүйлөшүү сунушун четке какты

Бардык жетектөөчү кызматтарда, өзгөчө 2015-жылкы келишимди колдогону үчүн эл аралык сахнада таанылган.

Трамптын биринчи администрациясы Тегеран менен бир нече мамлекет түзгөн келишимден чыгып кеткенден кийин Ларижани Хаменеинин өзөктүк маселелер боюнча негизги кеңешчиси болуп турду. 2005-2007-жылдары да соңку кызматын аркалаган.

2005-жылы президенттикке ат салышып, бирок жыдып калган. 2021 жана 2024-жылдары да президенттик шайлоого катышып, эки жолу тең аны Сакчылар кеңеши жарыштан четтеткен.

Улуттук коопсуздук кеңешин жетектөөгө экинчи ирет дайындалгандан кийин Ларижанинин таасири жана бийлиги күчөгөн.

Быйыл январда Ирандагы толкундоолор ырайымсыз басылганда Вашингтон аны санкциялык тизмеге киргизген.

«Ларижани Иран элинин мыйзамдуу талаптарына жооп катары зомбулукка чакырган биринчи жетекчи болчу”, - деп айтылат АКШнын Финансы министрлигинин 15-январдагы билдирүүсүндө.

Дагы караңыз Ирандын коопсуздук кеңешинин төрагасы өз өлкөсү АКШ менен сүйлөшпөй турганын айтты

Укук коргоочу уюмдар Ислам жумуриятынын бийлигинин колунан миңдеген киши каза тапканын билдиргени менен реалдуу сан эселеп ашары болжолдонот.

Өткөн айда Ларижани Оманга барганда америкалык өкүлдөр менен тикелей эмес сүйлөшүүлөргө даярдыкты талуулаган. Бирок жолугушуулар согушту алдын алууга жардам берген жок.

Акыркы айларда саячатчы ошондой эле Орусия менен коопсуздук чөйрөсүндөгү байланыштарды бекемдөө үчүн Москвага көп каттап турду. Буга карабай бул жолу да, былтыркы июнда да Орусия Иранды коргой алган эмес.