Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгындагы сурагы беш саатка созулду. Бир нече басылмалар өз булактарына таянып, Ташиев маалыматты ачыкка чыгарбоо тил катына кол койгонун жазышты.
"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, сурак берип чыккандан кийин Ташиевге суроо берүүгө мүмкүн болгон жок. Ал ИИМдин имаратынан чыккандан кийин, эки жолтандабастын коштоосунда Бишкектин түштүк тарабын көздөй жүрүп кетишкен.
Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга учуп келип, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканын ИИМден "Азаттыкка" ырастаган.
Маалыматка ылайык, Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатат. Анын бири - "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу. Экинчиси тууралуу маалымат берилген жок.
Ал Кыргызстандан 17-февралда чыгып кеткен.
10-февралда президент Садыр Жапаров Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ошол учурда Германияда дарыланууда жүргөн Ташиев өзүнүн кызматтан бошотулуусу өтө күтүүсүз болгонун айткан. (KE/ErN)
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты, ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол койгону кабарланды
Камчыбек Ташиев сурактан чыгып бараткан учур. 19-март, 2026-жыл