Мамлекеттик сатып алуулар системасынан "консултациялык кызмат" түшүнүгү алынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар системасынан "консультант, консультациялык кызмат" жана анын акысы тууралуу түшүнүктөр алынат. Бул тууралуу "Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушталган мыйзам долбоорунда жазылган.

Депутаттарга долбоор тууралуу финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов маалымат берди.

Анын маалыматына караганда, мыйзамдан консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, "консультант" жана "консультациялык кызмат көрсөтүүлөр" деген түшүнүктөр алып салынган. Ошондой эле мыйзамдын жалпы текстинен "консультациялык кызмат көрсөтүүлөр" жана "консультанттар" сыяктуу сөздөрдү алып салуу сунушталды.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун 19-марттагы отурумунда 1-окууда карап, кабыл алды.

Акжолов мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында кайрадан иштелип чыкканын белгиледи. Өкмөт мындай өзгөртүүлөр мамлекеттик органдардын ишин жеңилдетүүдөн тышкары, каражатты максатсыз пайдаланууга жана коррупцияга бөгөт коерун айтууда.

Мурдагы убактарда айрым ири долбоорлорго бөлүнгөн каражаттын белгилүү бир суммасы консультанттардын кызмат акысына, "консультанттарга" төлөнгөнү аныкталып, нааразылык жаратып келет.

2023-жылы курулушуна 100 млн доллар тартылган Бишкек-Кара-Балта жолун курган Кытайдын China Railway №5 компаниясы эл аралык консультанттын кызматы үчүн 1 миллион 600 миң доллар төлөп бергени коомчулуктун нааразылыгын туудурган. (ZKo)

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиев сурактан чыкты, ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол койгону кабарланды Спикер Маматалиев иш сапарларга барчуларды депутаттык топтор аныктай турганын айтты Аба ырайы: айрым жерлерде жаан, кар жаайтОрусия: Telegram бөгөттөлдү. Max канчалык коопсуз?Израил Иранга каршы чабуулдарын күчөттү, мунай кымбаттоодо