Ирандын Израилге чабуулунан 90дой адам жараат алды

Чабуулда бир катар турак жайлар кыйраган.

Ирандын Израилдин түштүгүндөгү Димона жана Арад шаарларына 21-мартта баллистикалык ракеталар менен урган соккусунан бери дегенде 90дой адам жараат алды.

Чабуулда бул аймактагы өзөктүк объекттер бутага алынган. Маалыматтарга караганда кеминде 10 адамдын, анын ичинде бир беш жашар кыздын абалы оор.

Димонадан 10, ал эми Араддан 30 чакырым алыс жайгашкан Өзөктүк энергетика илимий-изилдө борбору жабыркаган жок.

Чабуулда бир катар тура жайлар кыйраган.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) тараптарды болушунча "аскердик сабырдуулукка чакырды".

Times of Israel басылмасы Израил армиясынын жетекчилиги ирандык ракеталар атып түшүрүрлбөй албай калган жагдайды иликтей баштаганын жазды.

Иран Арад менен Димонага сокку урардын алдында Израил алардын Натанздагы ядролук объектисине чабуул жасаганын билдирген. Мындан көп өтпөй жергиликтүү телеканалдар расмий Тегеран Тель-Авивге жооп иретинде сокку урганын маалымдаган.

Израил армиясы Тегерандагы Малек-Аштар өзөктүк университеттик борбору бутага алынганын ырастаганы менен Натанздагы чабуул тууралуу комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

Путин май айында Казакстанга мамлекеттик сапар менен баратКазТАГ агенттигинин башкы директору Асет Матаев эки айга камалды Садыр Жапаров Нарын кесипкөй кадрларга муктаж экенин айттыОш шаарында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушу жанданатForbes: Кыргызстандагы рублге байланган А7А5 токени сооданын көлөмү боюнча алдыга чыкты Трамп Иран менен мунасага баруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды