Майамиде АКШ менен Украинанын өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарынын Флорида штатындагы Майами шаарында 21-мартта АКШ менен Украинанын өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү башталды.

АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф украин делегациясы менен конструктивдүү сүйлөшүү болгонун билдирди. Ал Х тармагындагы баракчасына "негизги көңүл маселелерди иргөөгө жана тынчтык келишимине жетүүгө жакындаткан калган маселелерди чечүүгө бурулду" деп жазды.

Жолугушууга америка тараптан Уиткоффтон сырткары Дональд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер, Ак үйдүн кеңешчиси Жош Грюнбаум жана Мамлекеттик департаменттин кеңечиси Крис Карран катышты.

Украин президенти Владимир Зеленский ишембидеги кечки кыска видео кайрылуусунда Майамидеги тараптадын жолугушуусу 22-мартта дагы уланарын маалымдады.

Орусия Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу 21-марттагы сүйлөшүүгө катышпай турганы белгилүү болгон. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул Киев менен Вашингтондун эки тараптуу жолугушуусу экенин айткан.

Анын сөзүнө караганда, Москва үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жанданышына үмүт артып турат жана жолугушуулардагы тыныгууну убактылуу деп эсептейт.

Буга чейин Зеленский Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам белгисиз мөөнөткө жылып калган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакырган.

Киев, Москва жана Вашингтондун өкүлдөрүнүн буга чейинки кезектеги жолугушуусу 17-18-февралда Женевада өткөн. Анын негизинде 5-6-март күндөрү тараптар 500/500 форматында бири-бири менен туткун алмашкан.

Дагы караңыз

Ирандын Израилге чабуулунан 90дой адам жараат алдыОш шаарында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушу жанданатСадыр Жапаров Нарын кесипкөй кадрларга муктаж экенин айттыПутин май айында Казакстанга мамлекеттик сапар менен баратForbes: Кыргызстандагы рублге байланган А7А5 токени сооданын көлөмү боюнча алдыга чыкты Трамп Иран менен мунасага баруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды