Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында кургак учукка чалдыккандар көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында кургак учук менен ооругандардын саны өскөнү байкалууда. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров бүгүн, 24-мартта "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы өлкө боюнча өспүрүмдөр арасында бул илдетке чалдыккан 145 учур катталса, 2025-жылы бул көрсөткүч 156ны түзгөн.

Кадыров мындай көрсөткүч Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө байкалып жатканын белгиледи. Бул оору адамга иммунитети начарлаган учурда оңой жуга турганын жана өспүрүм куракта эндокриндик жана иммундук системанын кайра түзүлүшү менен байланыштуу экенин айтты.

Дарыгердин айтымында, жалпысынан өлкөдө абал жакшырууда. Илдеттен каза болгондордун саны кыскарган.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысованын маалыматына караганда, жылына оорунун 3800гө чейин жаңы учур катталат. Алардын 200дөйү каза болот.

Ал оорунун алдын алуу жана эрте аныктоо үчун жаңы ыкмалар киргизилип жатканын кошумчалады.

24-март - дүйнөдө кургак учук менен күрөшүү күнү белгиленип келет.

Кургак учуктун негизги белгилери болуп эки аптадан ашкан катуу жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Илдет абадан, оорулуу кишинин какырыгы, шилекейи аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дары-дармектерди ичиши керек.

Дарылануу мөөнөтү алты айдан бир нече жылга чейин созулат. Кургак учукка чалдыккан бейтапты айыктырса болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Колумбияда 100дөй аскер түшкөн учак кыйрадыБишкек-Ош жолунда секелек кызды жүк ташуучу автоунаа коюп кетип, каза болдуЖергиликтүү зергерлерге алтын арзан сатылат 25-марттын аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт