Львовдо Орусиянын чабуулунан жаракат алгандар 20 адамга жетти

Орусия ракетасынан зыян тарткан имарат. Львов, Украина. 24-март, 2026-жыл.

Украинанын Львов аймагында орус армиясынын дрон чабуулунан жаракат алгандар дагы 13 адамга көбөйүп, 20га жетти. Маалыматты 25-мартта шаар башчысы Андрей Садовый жарыялады. Буга чейин жергиликтүү бийлик соккудан эки адам оор жаракат алганын билдирген.

Орусия Украинанын Львов шаарын шейшембиде күндүз дрон менен аткылады, бир дрон шаардын борборундагы Собор аянтында чиркөөнүн жанындагы имаратка тийди.

24-мартта ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат өрттөнгөнү кабарланган, бирок кийинчерээк аймактык аскердик администрация башчысы Максим Козицкий улуттук маанидеги эстелик - Бернард монастырлар комплекси кыйраганын тактады. Ал адистер тарыхый имараттын кыйроо даражасын аныктап жатышканын кошумчалады.

"РБК-Украина" Львовдо дрондор Собор аянтындагы жана дагы эки көчөдөгү турак жайларга тийгенин жазды.

Шейшембиде Орусия Украинанын башка аймактарын да бутага алды. Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, 24-мартта күндүз "Шахед" дрондору менен катуу сокку урулду. Мониторинг жүргүзгөн каналдар жанкечти дрондор жүздөп саналарын билдиришти. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30дарда «Шахеддердин» тобу Херсон, Чернигов облустары аркылуу кирген, кеминде 17 дрон Киевге багыт алганы кабарланган. Кийинчерээк Днепрде, Харьков облусундагы Дергачи шаарында дрондор түшкөн учурлар болгону айтылды.

Шейшембиде кечинде украин Аба күчтөрү Орусия 24-мартта согуш башталгандан берки эң ири жапырт дрон чабуулун жасаганын билдирди. Саат 9:00дан кечки 18:00га чейин 556 учкучсуз учак менен чабуул жасалды. Ал эми 23-мартта жалпысынан миңден ашуун Shahed жана башка ракета, дрондор менен сокку урулган.

Орусия Украинага жапырт соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик жөндөмүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келет.

Дагы караңыз

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайтТрамп Ирандагы "керектүү адамдар" менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты"Март ыңкылабынын пайдасын кландар көрдү". Ойгонгон элдин ойрон болгон үмүтү Кыргызстан Миң-Өрүк-Самаркандек, Тажикстан Ворух-Исфара жолун кура баштады БШК №21 округ боюнча Айдарбековго мандат тапшырылбай жаткан себебин айтты