ӨКМ өлкөдө табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн экенин эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кыдаалдар министрлиги (ӨКМ) 31-мартка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Унаа жолдордо, айрыкча Бишкек – Ош, Балыкчы – Ананьево, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Бишкек – Торугарт, Нарын – Баетов, Ак-Тал – Казарман, Кочкор – Арал – Төө-Ашуу, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Көк-Арт, Дароот-Коргон – Чак-Жаш –Тилек жана башка унаа жолдордун бир нече чакырымдары кооптуу экени белгиленди.

Министрлик жарандарды тоо койнунда эс алууга чыкпай турууга жана алыскы жолго сапар алууда коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.

Буга чейин ӨКМ ушул эле ашууларда, кан жолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскерткен. (КЕ)

Дагы караңыз

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайтТрамп Ирандагы "керектүү адамдар" менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айттыБШК №21 округ боюнча Айдарбековго мандат тапшырылбай жаткан себебин айттыУкраинанын ондон ашуун облусу Орусиянын жапырт соккусуна кабылды