Кыргызстандын тарыхы боюнча пландалып жаткан 15 томдук фундаменталдык эмгектин долбоору талкууланып, жыйынтыгында китептин түзүмү жана мазмундук багыттары бекитилип, автордук жамааттын курамы аныкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Китептин долбоору 25-мартта Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кеңешмесинде каралды. Жыйында ошондой эле кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү дагы белгиленди.
Кеңешме мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин жетекчилиги менен өттү.
Жыйында мындан тышкары маданий мурастарды даңазалоо жана коомчулукка жеткирүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду. Анын алкагында Бишкек шаарында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплекс түзүү демилгеси каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилди.
Кыргызстандын тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазуу пландалып жатканы 2025-жылдын аягында белгилүү болгон.
Кыргыз калкынын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча маалыматтар кытай, араб, перс, орус жана башка элдердин ар кайсы кылымдардагы булактарында жазылып калган.
Алгачкы кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу (“Мухтасар Тарих-и Кыргызия”, Уфа, 1913., “Тарих-и Кыргыз Шадмания”. Уфа, 1914.) менен Белек Солтоноев (“Кызыл кыргыз тарыхы”. 1895-1934-жылдары жазылып, 1993-жылы жарык көргөн) санжыранын негизинде Кыргызстандын баштан аяк тарыхын жазууга далалат кылган. 1927-жылы Кыргыз АССРинин буйрутмасы менен жарык көргөн Василий Бартольддун “Кыргыздар” очерки Кыргызстандын тарыхын толук баяндаган биринчи илимий эмгек болуп саналат.
1952-жылы “Кыргыз ССРинин тарыхы боюнча очерктер” китебин жана 1956-жылы “Кыргызстан тарыхы” эки томдук китебин авторлор жамааты иштеп чыккан. “Кыргызстан тарыхы” 1963-жылы экинчи ирет басылып, 1967-1968-жылдары “Кыргыз ССРинин тарыхы” аталышында үч томдукка айланган. Жамааттык эмгекти кийин беш томдукка айлантуу пландалып, 1984-1990-жылдары “Кыргыз ССРинин тарыхы” эмгегинин төрт томдугу жарыяланган. СССР тарап кетип, бешинчи том чыкпай калган.
Кыргызстан эгемендик алган соң ар кайсы авторлор өлкө тарыхын толук баяндаган китептерди өз алдынча жазып, чыгарып келишкен. Академиялык басылышты чыгаруу аракеттери көп жылча жемишин берген эмес. 2016-2017-жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун окумуштууларынан, жогорку окуу жайлардын окутуучуларынан түзүлгөн топ "Кыргызстандын тарыхы" китебинин үч томдугун иштеп чыгышкан. (ZKo/ErN)