Шайлоо комиссиясы Айдарбековго байланыштуу Ички иштер министрлигинен тиешелүү маалымат кечеңдегени үчүн мандат берилбей жатканын түшүндүрдү. Ал тапта социалдык тармактарга Айдарбековдун мыйзамсыз иштерге айыптаган анонимдүү тасмалар таратылууда. Буга чейин бийликтин айрым чечимдерине каршы чыккан Айдарбековго мандат берүүнүн созулушуна эмне себеп болууда?
Бишкектин Ленин районунун аймагын камтыган №21 округда жарым айдан бери парламент депутатынын орду бош турат. Бул округдан шайланган Куванычбек Конгантиев 10-мартта өз арызы менен мандаттан баш тартып, кийин УКМК аны жер тилкелери боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген шек менен камакка алган. Былтыр жаңыланган Шайлоо кодекси боюнча парламенттеги бошогон орунга көп добуш топтогон кийинки талапкер келиши керек. Быйыл февралдан тарта Конгантиевден башка дагы сегиз депутат мандаттан ажыраган соң дал ушул эреже иштеп, бошогон орунга БШК кыска убакыттын ичинде кезектеги талапкерлер депутаттык мандатка ээ болушту. Айрым учурда депутат мандатын тапшырар менен ошол эле күнү кийинкиси эл өкүлүнүн төш белгисин жакасына тагып жатты. Бирок №21 округ боюнча мандат берүү жараяны көпкө созулуп жатканы коомчулукта талкууга түштү.
30-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча бошогон мандатты Чыңгыз Айдарбеков алышы керек болчу. Ал бул округдан 5000ден ашык добуш алып, эркектер квотасы боюнча үчүнчү орунду ээлеген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул округдагы мандат берүүнүн кечеңдешин айрым тактоого зарыл болгон жагдайлар менен түшүндүрдү:
Абдыжапар Бекматов
"Эми жалпы маалымат кетирип жатпайбызбы. Биз талапкер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүү бергенбиз. Анын жообу келгенден кийин каралат. Шайлоо өткөнүнө канча убакыт болду. Октябрь айында документтерди чогулткан болсок, андан бери 5-6 ай өттү. Биз маалымат сураганбыз. Эки ооз сөз менен айтканда, бир маселелер жаралган, ошолорду такташыбыз керек”.
Абдыжапар Бекматов кандай маселе чыкканын ачыктаган жок. Бирок буга чейин БШКнын дагы бир мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Айдарбековго байланыштуу маалыматтарды Ички иштер министрлиги кечеңдетип жатканы үчүн мандат берилбей жатканын тактаган эле. Ал эми ИИМ комментарий бере элек.
Мандат берүүнүн создугушу коомчулукта ар кандай талкууларга жол ачты.
Анын үстүнө соңку күндөрү социалдык тармактарда буга чейин Чыңгыз Айдарбековдун мыйзамсыз иштерге катышы болгон деген таризде тасмалар таратылууда. Аны бийликке жакын айрым блогерлер да бөлүшүп жатышат. Ал тасмаларда Айдарбеков "дипломатиялык кызматта иштеп турганда аткезчиликке аралашкан, кийин курулуш тармагындагы мыйзам бузууга тиешеси болгон" деген дооматтар айтылат.
Чыңгыз Айдарбеков социалдык тармактарга өзү тууралуу жарыяланып жаткан видео тасмаларды "ушак" катары баалап, төгүндөдү. 25-мартта "Азаттыкка" анын жардамчысы Темирлан Касымов буларды билдирди:
"Азыр расмий эч бир маалымат бериле элек. Чыккан видеолор ушак, расмий жооп күтүп жатабыз деп билдирди", - деди жардамчысы.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Токтошев мандат берүүнүн кечеңдеши бир катар суроолорду жаратып жатканын айтууда:
Эмил Токтошев
“Шайлоого барып, өнөктүк бүткөндөн кийин бут тосуп жатышканына караганда, кандайдыр бир саясий өңүт же себеп бар. Борбордук шайлоо комиссиясы мындай жолго барбашы керек. Бул аракет элдин ишенбөөчүлүгүн, бийликке болгон нааразылыкты пайда кылышы мүмкүн. Эгер соттуулугу болсо, анда эмне үчүн шайлоого катышты? Ушул суроого жооп бериши керек. Биз 7-чакырылышта төрт жыл бирге иштедик. Ал өз оюн ачык, так айткан депутаттардын бири эле. Парламенттин өнүгүшү үчүн коомго ушундай депутаттар керек”.
Борбордук шайлоо комиссиясы болсо соңку жагдайда эч кандай саясий өңүт жок экенин айтып жатат. БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров 18-мартта башка бошогон орундар үчүн мандат тапшыруу учурунда Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча тактай турган жагдайлар бар экенин белгилеп, ал өзүнчө караларын айткан. Бирок кандай себептер жаралганын ачыктаган эмес.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев бул маселени талкуулоодон мурун БШКнын чечимин күтүп туруу керек деген пикирде:
Алмазбек Акматалиев
"Биздин коом саясаташкан коом да. Ошондуктан учурдагы талкуу мен үчүн көп деле таң калыштуу эмес. Чыңгыз Айдарбековдун өзүнүн фигурасы да билимдүү көрүнүп жатат го элге. Мындайда бийликке жакпай жатабы деген сөз чага берет да. Биз талкуулаган менен БШК чечим кабыл алат, ошондуктан аларды күтө турган оң".
49 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков соңку алты-жети жылдан бери жакын убакыттан бери саясатка аралашып жүрөт.
Ал 1998–2008-жылдары Тышкы иштер министрлигинде атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.
2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон. 2018-жылы тышкы иштер министри болуп дайындалса, 2021-жылдагы шайлоодо “Альянс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Ал чакырылышта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына шайланып, бирок Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору боюнча бийликтин чечимине каршы чыккан. Мындан соң комитет төрагалыгынан кетип, “толук жана ыйгарым укуктуу элчи” деген дипломатиялык наамынан ажыратылган.