Балдарды 1-класска онлайн каттоо 1-апрелде башталат

Ош облусу, Жылалды айылындагы орто мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерге 2026-2027-окуу жылына балдарды онлайн каттоо 1-апрелде башталат.

Агартуу министрлиги 25-мартта бекиткен жобого ылайык, быйылкы окуу жылында 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин, 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин туулган балдар кабыл алынат.

Сегиз жаштан улуу, ошондой эле өздүгүн тастыктаган документи же ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) жок балдар мектепке Балдар маселеси боюнча комиссиянын чечими менен кабыл алынат.

Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде "Электрондук жазуу" кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында, эки баскычта жүргүзүлөт.

-биринчи баскычта балдар мектепке туруктуу катталган жери боюнча алынат.
- экинчи баскычта жашаган аймакта бош орун бар мектептерге кабыл алынат.

Биринчи баскыч 1-апрелде башталат. Экинчи баскыч 1-июндан тартып жүрөт.

Бала 1-класска кабыл алынган кезде мектеп анын билимин текшерүүгө укугу жок. Баланын билимин аныктоочу тест, сынак, аңгемелешүү ж.б. жүргүзүүгө тыюу салынат.

Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук кезекке туруу системасын пилоттук негизде ишке киргизген. 2020-жылдан тартып мектепке кабыл алуу туруктуу негизде ушундай тартип менен жүргүзүлүп келе жатат.

Ата-энерер mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлттүккө учурап каларын айтып арызданып келишет.

Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. (ZКo)

Дагы караңыз

"Элетте киреше азайды". Чөнтөктү каккан кымбатчылык Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалганы кабарлануудаНобелди алган авторлордун "Кууш өтмөк" эмгегинин бет ачары өтөтЗеленский АКШ Донбассты коопсуздук кепилдигине айырбаштоону сунуштап жатканын айттыПутин ЕАЭБ аймагына накталай акча жана алтын куймасын алып чыгууга тыюу салды