Документке ылайык, өлкөдө калктын 53% гана туруктуу иши же чарбасы бар экенин көрүүгө болот. Кыргыз бийлиги жыл санап өнүгүп жатабыз дегени менен, БУУнун эсебинде, жакырчылык деңгээли 26% түзүүдө.
Азык-түлүк программасынын отчетунда 2025-жылы Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн 10% кирешеси азайып кеткенин билдирген. Орточо киреше айрыкча кыш айларында кыскарган. Сурамжылоого катышкан адамдар бул маалда талаа жумуштарына чыкпай калганын айтышкан.
Ошол эле маалда 20% үй-бүлөнүн кирешеси акыркы 12 айда көбөйгөн. Шаар жеринде өсүш 24% болсо, элетте 18%. Көбүрөөк киреше (29%) Бишкекте, азыраагы (13%) Жалал-Абадда.
Кыял Кыргызстандагы чакан калаалардын бириндеги мектепте иштейт. Тарых сабагынан мугалим айлыктан башка кирешеси жоктугун айтууда:
"30 миң сомдой айлык алам, анын 10 миңден ашыгын ичкен-жегенибизге сарптайбыз. Электрге 2,5 миңдей төлөйбүз. Мугалим болгондон кийин окуучуларга жүдөө көрүнгүң келбейт, анча-мынча кийим керек дегендей. Ден соолукту текшертүү, айрыкча тишти дарылатуу үчүн акча топтоп, анан Бишкекке барыш керек. Студент балдарым бар, алар дагы акча сурайт. Айлыкты карабай дыйканчылык кылайын десең жер жок. Мурда чакан тамаркабызга дан куурай (малина), кулпунай, помидор экчүбүз. Кийин арыкка суу келбей калды. Жайкысын иче турган суу да өчүп турат. Көп учурда банктан насыя же тааныштардан карыз алабыз. Ушул жерден айта кетейинчи, окууну беш жыл мурда бүтүп келген математик же биологдун сааты аз, бирок 25 жыл иштеген тарыхчыдан көбүрөөк айлык алат. 14 миң сомдой айырма бар экен. Баарына эле тең карашса жакшы болмок".
Азык-түлүк программасынын отчетунда Кыялга окшоп карызга батып, ден соолугунан акча үнөмдөөгө аргасыз адамдардын катары калыңдаганы белгиленген.
Документке таянсак, ушу тапта калктын 53% гана туруктуу иши же чарбасы болбосо, 20% иштегени менен кирешеси азайган. 15% туруктуу иши жок же кирешеси төмөн, 12% жардамга муктаж.
"Жыл башынан бери инфляция 7% тегерегинде кармалып турганы менен тамак-аш 8%, кызмат көрсөтүүлөр 7% кымбаттап, бул айрыкча аялуу катмарга сезилген", - дейт отчетто.
Экономист Сейдалы Мырзакматов айрыкча тамак-аш баасынын көтөрүлүшү пенсия, жөлөк пул менен жашаган адамдарга кыйынчылык туудурганын белгилейт:
"Жакыр десе эле биз тамак-аштан өксү болот деп ойлойбуз. Бирок эл аралык уюмдардын өз стандарты бар, алар медициналык жардамды жетиштүү албаган, баласына жакшы билим берүүгө шарты жок, сапаттуу тамак ичпеген адамдарды дагы жакыр катмарга кошот. Анан калса бизде көмүскө экономика күч. Ошол эле такси айдагандар, алма-өрүгүн саткандар, тигүүчүлөр расмий айлык албайт да. Бул социалдык көйгөй. Патент албай иштегени менен өкмөттүн саясатына каршы пикирин билдире албай, кара жанын карч урушат. Айлыкты ачык алган күндө деле социалдык төлөмдөр кымбат. Акыркы эки жылда элдин басымдуусу тамак-ашка, тейлөөгө эле иштеп калды да. Келечекке инвестиция кылгандар азайды. Бул дагы жакырчылык деп эсептелет. 30 миң сом айлык алгандар 90% түзүп, 10% калып калса дагы жакырчылыкка кирет".
Эл аралык уюмдун сурамжылоосуна катышкандар күнүмдүккө керектүү күрүч (94%), уй этин (41%), картөшкө (25%), суу май (24%), буудай уну (24%), помидор (24%), кант (16%), пияз (11%), жасмык (8%) жана гречка (8%) алууда кыйналарын айтышкан. Негизги себеп – баанын жогору болушу.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы мурдагы жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөн. Расмий маалыматка таянсак, азык-түлүктүн 70 пайызга жакыны сырттан кирет.
Сейдалы Мырзакматов өкмөт бул көйгөйдү капиталды туура колдонуу менен чечсе болот дейт.
"Учурда ишке жарамдуу адамдар курулушта иштеп жатат. Бирок үйлөрдүн курулуп жатышы мамлекетке киреше алып келбейт. Социалдык объекттер дагы киреше алып келчү булак эмес. Өндүрүш болгон күндө дагы биздин өнүмдөр атаандаштыкка туруштук бере албайт. Жаныбыздагы Кытай менен Өзбекстандын арзан товарлары кирип жатат. Ошон үчүн колунда бар адамдар өндүрүш ачкысы келбейт. Алар капиталды тез пайда көрө турган тармакка салышат. Мен бул тууралуу көп жаздым. Өкмөт андан көрө ишкерлерге күнөскана салгыла десе болмок. Азыр помидор, бадыраң, калемпирди сырттан ташып жатабыз. Болгар калемпиринин баасы ушу күндө 400 сом. Канча деген акча сыртка кетүүдө. Импортко кетчү акчанын өзүбүздө калганы деле киреше. Кыргызстандын бир жакшы жери акча дайыма айланып турат. Бул эми мигранттардын эсебинен болуп жатат".
Отчетто жакырчылык кесепети балдардын өнүгүүсүнө жана ден соолугуна терс таасир эткени белгиленген.
Кыргыз бийлиги жакырчылык, баалардын өсүшү орчундуу көйгөйлөрдүн бири экенин айтканы менен экономиканын өнүгүшү аркылуу аны жоюуга аракет көрүлүп жатканын билдирип келет.
Буга чейин президент Садыр Жапаров өлкө экономикасы соңку жылдары үч эсе көбөйгөнүн мисал келтирип, элдин жашоосунун деңгээлин жакшыртууга аракет болуп жатканын айткан. Бул жаатта иштер уланарын өткөн айдын соңунда билдирген:
"Айлык акы, пенсия жана социалдык төлөмдөр олуттуу түрдө жогорулатылды. Пенсиялык төлөмдөргө багытталган каражат беш жылда 50 миллиард сомдон 105 миллиард сомго чейин өстү. Өлкөнүн пенсиялык системасында мындай динамика мурда аз болчу. Ошентсе да айлык акы, пенсия жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу бүгүнкү күндө артыкчылык бойдон калууда. Анткени күчтүү экономика ар бир жаранга татыктуу жашоону камсыз кылышы керек. Ошону менен катар социалдык колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Көп балалуу үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо чаралары кеңейтилди".
Ошентсе да кыргыз бийлиги жакырчылыкка байланыштуу маселелер курч бойдон калып жатканын танбайт. Жыл башында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов 16 жашка чейинки балдар арасында жакырчылык деңгээли 33% түзөрүн айткан.
“Жылына киши башына кирешеси 65 миң 417 сомдон төмөн болсо жакыр деп эсептелет. Өткөн жылдын ортосуна карата бул көрсөткүч 25,7% түзгөн. Жакырчылык тез өсүп, бирок жылына ашып кетсе 2% төмөндөйт экен. Ошол эле учурда 16 жашка чейинки балдар арасында жакырчылыктын деңгээли 33%. Балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылык өтө жогору. 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашайт деген өтө жаман көрсөткүч”, - деген Эдил Байсалов.
Байсалов алдыдагы беш жылда жакырчылыкты 15-20% чейин түшүрүү пландалып жатканын айткан.
Өкмөт июлдан тартып 1200 сомдон жөлөк пулду үч жашка чейинки ар бир балага берүүгө белсенүүдө. Андан тышкары 1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин айлыгы 100% көтөрүлөрү маалым болду.
Экономист Искендер Шаршеев өндүрүш өнүкпөгөн шартта кымбатчылыкты ооздуктоо кыйын экенин белгилейт. Ал жакырчылыкты жоюу үчүн мамлекет адамдарга жан багууну үйрөтүшү керек деген пикирде:
"Кымбатчылык мындан ары да боло берет. Анткени дүйнөдө согуштар болуп жатат. Эгер өзүбүздө өндүрүш болсо жакырчылыкты жеңгенге жардам бермек. Анан импорттун үлүшүн азайтып, тышкы сооданы өнүктүрүү керек. Биз эми Норвегия, Швеция же араб өлкөлөрүндөй бир ресурска жармашып алып бай жашай албайбыз. Бизде ресурстар көп, бирок инвестиция керек, чыгымы жогору дегендей. Бир эле жол - адамдык капиталды көтөрүү. Соода, өндүрүш, санариптик технология – анын баары билим берүү аркылуу келет. Бирок билим берүүбүз заманбап жашоодон артта калды. Жасалма интеллект өңдүү технологиялар өнүгүп жатса, окуу программабыз 20-кылымда калып калган. Мугалимдер аздыгынан жаңы программаларды окуп, өздөштүрүүгө жетишпей жатат. Льюис Кэрролдун "Алиса кереметтер дүйнөсүндө" чыгармасында кызыл ханыша "Бир орунда туруш үчүн чуркаш керек, ал эми турбаш үчүн андан эки эсе көп чуркаш керек" дейт эмеспи. Экономика дагы ошондой, кыймыл токтобошу керек. Мамлекеттин милдети - коопсуздукту камсыз кылуу, элин коргоо. Ал эми жумуш ордун түзүү милдетин ишкерлерге бериш керек".
Азык-түлүк программасынын отчетунда жакырчылыктын деңгээли боюнча Баткен облусу алдыда экенин көрүүгө болот. Улуттук статистика комитетинин 2024-жылдагы көрсөткүчү дагы бул маалыматты ырастап турат.
Адистердин айтымында, соңку жылдары климаттык көйгөйлөрдүн курчушу дагы жакырчылык менен ички миграцияны күчөтүшү мүмкүн.
Numbeo эл аралык агенттигинин 2025-жылдын май айындагы изилдөөсү боюнча Кыргызстандагы жашоонун сапаты 99,09 упай менен “өтө төмөн” деп бааланган. Уюм мындай бааны сегиз көрсөткүч менен баалаган.
Шерине