Саясатчы студенттердин демонстрацияларын ырайымсыз басканы жана коррпуцияга малынганы менен белгилүү.
Вашингтон аятолла Али Хаменеи согуштун биринчи күнүндө өлтүрүлгөдөн бери сүйлөшүүлөр үчүн ирандык расмий өкүлдү издеп жатат деген CNN, Politico, Fox News жана башка медианын жазгандарын тастыктаган жок.
Жаңы жогорку лидер болуп Можтаба Хаменеи тандалганы менен ал атасы каза тапкандан бери калың эл алдына чыга элек. Ошол соккуда анын да жарадар болгону кабарланган.
Ак үйдөгү айрым кишилер ыңгайлуу өнөктөш деп эсептеген Калибаф тууралуу маалыматтар тарай баштады.
64 жаштагы саясатчы айың-кептерди четке кагып, “АКШ менен сүйлөшүүлөр болбогонун” Х социалдык тармагына жазды жана ал сөздөрдү финансылык, мунай рынокторун манипуляциялоо аракетиндеги “жалган маалымат” деп атады.
Калибаф менен байланыштуу аракети көрүлүп же көрүлбөсө да, чечим кабыл алуу түзүмүндө кризиске учураган системада көрүнүктүү аткаминер катары алдыга суурулуп чыгышы аны биринчи жолу таасирдүү фигурага айландырды.
Эскичил көз караштарды карманган саясатчы жана мурдагы аскер командачысы ондогон жылдар бою Ирандын жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC ) жогорку жетекчилиги менен мамиле түзүүгө аракеттенип келди. Анын карьерасы коррупциялык жаңжалдар, ийгиликсиз президенттик жарыштар менен коштолгон.
Калибаф 1961-жылы туулган, 18 жашында Ислам революциясынын сакчылар корпусуна кирген. 1980-1988-жылдары Ирак менен согушка катышып, аскердик бөлүктүн кол башчысына чейин жеткен. Кийинчерээк Али Хаменеи аны Сакчылар корпусунун Деңиз аскерлеринин командачысы кылып өзү дайындаган. Бул өз кезегинде саясатчыга артылган ишенимдин ишараты катары кабыл алынган.
Демонстрацияларды басуу жана коррупция иштери
Ошол ишенимди актоо аракеттери зомбулук менен коштолгон. 1999-жылы IRGCнын командирлери студенттердин демонстрациялары өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратышы жана корпус ага аралашууга аргасыз болушу мүмкүн деп ал кездеги реформатор президент Мохаммед Хатамиге кайрылышкан. Катка кол койгондордун арасында Калибаф да болгон.
2000-жылы Хаменеи 39 жаштагы аскер жетекчисин Ирандын улуттук полициясын жетектөөгө дайындаган. Бул кызматта ал ырайымсыздыгы менен таанылган. Кийинчерээк интернетке тарап кеткен видеолордо Калибафтын 2003-жылкы студенттик толкундоолор маалында курал колдонуу буйругун бергенине, 1999-жылы нааразылык акцияларында жаштарды өзү уруп-сабаганына мактанып отурганы ачыкка чыккан.
2005-жылы полициядан кеткенден кийин саясатка аралашып, президенттик жарышта төртүнчү орунду ээлеген. Бирок популист Махмуд Ахмадинежаддын шайлануусу менен Тегеран мэринин орду бошоп, Калибаф шаар башчылыкка барган.
Ошол кызматты 2017-жылга чеййин аркалап, калаа тарыхында эң узак турган мэр болуп калган.
Ал жылдары башкалаанын метро системасы кеңейтилген жана бир топ көп кабаттуу имараттар курулган. Муну менен катар мэр коррупцияга айыпталган. "Фарда" радиосу 2022-жылы ошондой иштердин биринин бетин ачкан. Журналисттер Калибаф IRGC менен байланышы бар фонддон миллиондогон доллардын кымырылып кетишин жашырууну сунуш кылганын аныкташкан.
Ал быйыл жыл башында экономикалык каатчылыкка каршы тутанган толкундоолор учурунда катаал чараларды колдогон саясатчы экенин далилдеди.
Ошондо парламенттин түз эфирде көрсөтүлгөн жыйынында спикер полиция менен Сакчылар корпусун, өзгөчө жарым-жартылай аскердик Басиж кошуунун “террорчуларга каршы согушта” “бекем тургандары” үчүн ыраазычылыгын айткан.
Германиялык саясат таануучу Хосейн Разак белгилегендей, Ислам жумурияты паракорлукка малынган ишмерлерге дайыма таянып келген, себеби алардын каржы кызыкчылыктары “системанын жашап кетүүсүнө байланган”.
2013-жылы Калибаф президенттик орун үчүн ат салышканда марага экинчи болуп келген. 2017-жылы шайлоого кайрадан катышып, Ибрагим Раисинин пайдасына талапкерлигин алып салган.
Разак муну бийлик үчүн атаандаштык эмес, жогорку жетекчиликке лоялдуулугун көрсөтүү көрүнүшү катары чечмелейт. Ушул эле модель 2024-жылы июнда, Раиси учак кырсыгында өлгөндөн кийин кайталанган. Ал ирет спикер азыркы президент, реформачыл Масуд Пезешкианга жыдып калды.
2020-жылы парламенттик ат салыш алдында бир топ байистүү жана реформатор талапкерлер жарыштан четтетилгенде Калибаф борбор шаарда биринчи орунду алып, спикер болуп шайланган. Анын жетекчилигинде парламент өзөктүк программаны кеңейтүү каралган мыйзам-долбоорун кабыл алган.
Жогорку лидерге жакындыгы
Калибафтын карьерасы Али Хаменеинин уулу, Можтаба Хаменеиге жакындыгы менен өзгөчөлөнөт. Алардын жакшы мамилелери 1980-жылдары байкала баштаган.
Президенттик шайлоо маалында Можтабага жакын адамдардын жана Сакчылар корпусундагы таасирдүү адамдардын Калибафтын талапкерлигине көрсөткөн колдоосу улам байкалып жатты.
Согуштун контекстинде, өзгөчө АКШ менен Израилдин алгачкы соккусунда Али Хаменеи каза болгондон кийин ошол мамилелер жаңы мааниге ээ болду.
Ислам жумуриятынын бир нече жетекчиси жок кылынганы саясий кризиске алып келди.
Можтаба Хаменеи өлкөнүн жаңы жогорку лидери болуп дайындалганы менен ага таандык делген жазуу түрүндөгү билдирүүлөр болбосо, бир да сүрөтү же видеосу чыга элек.
Мындай карама-каршы маалыматтар жаңы көсөмдүн абалына байланыштуу уу-дуу кептерге жем таштады.
Мындай боштукта Калибаф төбөсү көрүнгөн саясатчыга айланды. Али Хаменеинин өлүмүнөн кийин саясий башкарууну өзүнө алган Али Ларижани 17-мартта Израил тараптан жан таслим кылынгандан кийин спикер саясий күчтөрдү, күч түзүмдөрүн жана диниятчыларды бириктирген таасирдүү жана ишенимге арзый турган фигура болуп чыга келди.