Иран 27-марттын кечинде Эр-Рияд шаарынан көп алыс эмес жерде жайгашкан АКШнын “Канзаада Султан” аба базасына чабуул койду. The New York Times жана The Wall Street Journal басылмалары атын атабаган расмий адамдарга таянып, кеминде 12 америкалык аскер жараат алганын, алардын экөөнүн абалы оор экенин жазды. Жоокерлер снаряд түшкөн учурда базадагы имараттын ичинде болушкан.
ЖМКлар бери дегенде бир ракета жана бир нече дрон менен сокку урулганын кабарлашты. Бир нече май куюучу учак зыян тарткан.
Ишемби күнү АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлү CBS News телеканалына жума күнгө карата аскердик операция башталгандан бери согушта 303 америкалык аскер жарадар болгонун билдирди. Алардын 273ү кайра катарга кошулган. Жараат алгандардын 75% мээси чайкалган, 10 аскер дале оор абалда.
Пентагондун расмий маалыматына караганда, Иранга каршы согуш башталган убактан бери америкалык 13 аскер каза болду.
28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен соккуларды баштаган. Анда Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да өлтүрүлгөн. Натыйжада аймакта кырдаал курчуп кеткен.
Иран жооп катары Израилге, Иорданияга, Иракка жана АКШнын Перс булуңундагы аскер объектилери жайгашкан өлкөлөргө дрон жана ракета менен чабуул коюп келет.
Израил Ирандан тышкары, Ливанда Иран колдогон "Хезболла" тобуна байланышы бар объектилерге сокку уруп жатат.
Иран ушул тушта дүйнөлүк мунайдын маанилүү бөлүгү өткөн Ормуз кысыгын дээрлик бөгөттөп турат. Мындан улам мунайдын дүйнөлүк баасы кымбаттады. Ушул тушта Перс булуңунда бир топ соода кемеси токтоп турат.