Мамлекеттик салык кызматы салыгын төлөбөй жүргөн жарандардын карызын банк эсептеринен жана электрондук капчыктарынан өндүрүп алуу - акыркы чара болорун билдирүүдө. Бул тууралуу салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов 30-мартта журналисттерге билдирди.
Анын сөзүнө караганда, бул карыз ээси Салык кызматынын бардык эскертүүлөрүн жана билдирүүлөрүнөн кийин деле эч нерсе төлөбөй койгондо колдонулат.
Рахманов бул чара жеке адамдарга карата быйыл ишке кирип жатканын, негизинен мүлк салыгын жана киреше салыгын төлөбөгөн карызкорлорго колдонуларын кошумчалады.
Анын берген маалыматына ылайык, салыкты өндүрүү бир нече баскычта ишке ашат: алгач салык төлөөчүгө маалымкат, телефонуна СМС билдирүү жиберилет. Жаран бир ай ичинде салыкты төлөйт же ага апелляция жаза алат. Эгер бир ай ичинде төлөм жүргүзүлбөсө, Салык кызматы банкка карызкор жарандын эсебинен салыкты чечип алуу боюнча талап жиберет.
Мирлан Рахманов ошондой эле Салык кызматы жарандын банк эсебин ачык көрө албасын белгиледи, операцияны банк жүргүзөт.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, учурда 435 миң жаран салык төлөбөй журөт, көпчүлүгүнүн карызы эселеп өсүп кеткен.
Өткөн жумада Экономика жана коммерция министрлиги салык карызын өндүрүү жобосундагы жаңы тартиптер тууралуу өкмөттүн токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
Документ салык карыздарын карызкор жарандардын банк эсептеринен автоматтык түрдө өндүрүп алууга шарт түзөт. Бул демилге коомчулукта талаш пикирлерди жараткан. (ZKo)
Салык кызматы карызды банк эсептен алуу ыкмасы тууралуу түшүндүрмө берди
Кыргызстандын Салык кызматынын башкы имараты.