Аба ырайы: көпчүлүк аймакта жаан жаайт

2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба табынын ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

31-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндуз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 13…18.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Дагы караңыз

Орусиянын Усть-Луга портунда жумушчулардын жапырт мушташында казак жарандары да кармалды АКШ Орусиядан Кубага 100 миң тоннадай мунай тарткан танкерди өткөрдү Нарын шаарында жол кырсыгынан жубайлар ооруканага түштүСалык кызматы карызды банк эсептен алуу ыкмасы тууралуу түшүндүрмө бердиКыргызстанда беш жашка чейинки наристелердин 51% гана бала бакчага барат