Кыргызстанда жогорку окуу жайларына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу эрежелери өзгөрөт. Бул Министрлер кабинетинин атайын токтомуна ылайык, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдында "Жогорку окуу жайларына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу" мамлекеттик борбору түзүлөт.
Министрликтин маалыматына караганда, борбордун максаты - чет жактан келген абитуриенттердин жогорку окуу жайларына кабыл алынышынын ачык-айкындыгын камсыздоо.
Токтомдогу талаптарга ылайык, чет өлкөлүк студенттер милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими тууралуу документтерин көрсөтүүгө милдеттүү.
Документте ошондой эле жогорку окуу жайларына кирүү эрежелерин да өзгөртүү каралган. Орто билими бар абитуриенттер үчүн сырттан окуу жокко чыгарылат. Бирок, магистр даражасын кошо алганда, айрым программалар үчүн аралыктан жана сырттан окуу мүмкүнчүлүктөрү сакталып калат.
Андан тышкары, мамлекеттик окутуу гранттарын берүү тартиби өзгөртүлдү. Бир катар жоболордо "бюджеттик орундар" түшүнүгү алынып, анын ордуна гранттык каржылоо системасына басым жасалган.
Токтомдо ошондой эле "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик органдарда милдеттүү түрдө иштөө талабы коюлган.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттердин саны кыскарууда. Айрыкча, Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендердин саны суюлган.
Постсоветтик өлкөлөрдү кошпогондо Кыргызстанга келген чет элдик студенттердин саны 2024-жылы 44 миңге түшкөн. Чет өлкөлүк студенттер Кыргызстандын окуу жайларында окуу үчүн кеминде 3000 доллардан акы төлөшөт. (ZKo)