Кайыңдыда мектеп-интернаттын жери мамлекетке кайтарылды

Мамлекетке алынган жер. Башкы прокуратуранын сүрөтү. 30-март, 2026-жыл.

Панфилов районунда жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын 0,32 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Ага ылайык, Панфилов райондук прокуратурасы текшерүү учурунда мурдагы Кайыңд мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси 2005-жылы мыйзамсыз түрдө 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткенин аныктаган.
Прокуратура жердин азыркы баасын 8 883 000 миң сом деп баалап, прокурордук чаралардын жыйынтыгында, жерди Кайыңды шаардык мэриясынын балансына кайтарып берген.

Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн бардык аймактарында мурунку убактарда сатылган мамлекеттик объектилер "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды улам-улам жарыялап келет.

Анын ичинде бала бакча, мектеп, мектеп-интернаттардын имараттары, жерлери да бар.

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылы мурунку убактарда мыйзамсыз менчиктештирилген 40 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Жогорку окуу жайларга чет элдиктерди кабыл алуу борбору түзүлөт"Кайык, унитаз, саат таптым". Ысык-Көлдүн түбүн тазалаган БекжанПакистан АКШ-Иран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө камданып жатканын билдирди Кара-Балтанын мурдагы мэри Мирлан Жекшенов үй камагына чыктыКлиматтык оош-кыйыш: Кыргызстанды кыйын кырдаал күтөбү?Майдан баштап электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттайт