Темирболот Абыкеев Ала-Бука районуна аким болуп дайындалды

Темирболот Абыкеев.

Президент Садыр Жапаров Руслан Айтбаевди Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими кызматынан бошотуп, ордуна Баткен шаарынын мурдагы мэри Темирболот Абыкеевди аким кылып дайындады.

42 жаштагы Темирболот Абыкеев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин бир тууган иниси. Ал 2025-жылы февраль айында Баткен шаарынын мэри болуп дайындалып, ушул эле жылдын ноябрь айында кызматтан кеткен. Былтыр Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо № 29 шайлоо округунан талапкер болуп катышкан.

2024-жылдын июль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны "Кара-Суунун акими болуп турганда ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган" деген айып менен кармаган. Ошол эле жылдын август айында Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулган.

Өзү атайын кызмат козгогон кылмыш иши эмне менен бүткөнү тууралуу комментарий бере элек. Агасы Чолпонбек Абыкеев инисине коюлган айыптардын далили жок болгондуктан акталганын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Нарындын мэри Немат уулун кызматтан алдыАйдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктадыУлуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасадыИслам революциясынын сакчылар корпусу командачы Алиреза Тангсиринин өлүмүн бышыктадыАш-Шараа Иранды айыптады, ал-Сиси Трампты согушту токтотууга чакырды