Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Президент Жапаров Нарындын мэри Немат уулун кызматтан алды

Камчыбек Ташиев менен Жайнак Немат уулу. Архив.
Камчыбек Ташиев менен Жайнак Немат уулу. Архив.

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулун өз каалоосу боюнча иштен кетүү тууралуу арызынын негизинде кызматтан алды. Бул тууралуу “Ынтымак ордонун” басма сөз кызматы 31-мартта билдирди.

Анын ордуна Нарын шаарынын мэри болуп Жылдызбек Беккелдиев дайындалды. Ал президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, аппарат жетекчи болуп иштеп жаткан.

44 жаштагы Жылдызбек Беккелдиев 2002-жылы Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин инженер-мелиоратор адистигинде окуп аяктаган. 2004-жылы Президентке караштуу башкаруу академиясынан магистр даражасын алган.

Эмгек жолун 2004-2008-жылдары Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүндө статист-экономист болуп иштөө менен баштаган. Кийин Нарын облустук мамлекеттик администрациясында ар кандай кызматтарда иштеген.

Жайнак Немат уулу Нарын шаарына 2025-жылдын июль айында мэр болуп дайындалган. Ага чейин Ноокен районунда төрт жыл акимдин орун басары болуп иштеген.

Былтыр июль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокен районуна барып Жайнак Немат уулун “начар иштегенинен улам же колдоочусу жоктугунан” бир жерде төрт жылдан бери отурганын айтып, аны өлкөнүн түндүк тарабына аким кылып жөнөтүүнү убада кылган. Ушундан кийин эле ал Нарынга мэр болгон.

Камчыбек Ташиев 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана парламенттин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна президенттик шайлоону 2026-жылы өткөрүү тууралуу жолдогон кайрылуусунан кийин 10-февралда кызматтан алынган.

Соңку саясий окуялардын фонунда Камчыбек Ташиевге байланышы бар делген бир нече адам кызматтан алынып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мандатын тапшырды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG