Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды

Бишкектеги сөз эркиндигине байланыштуу өткөн акция. (Архивдик сүрөт)

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү кайрадан узартылып, шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жылдан ашты.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, 26-мартта ушул эле райондун администрациясынын 2026-жылдын 31-мартынан 30-июнга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырган.

Райондук сот 2022-жылы март айында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу улам узартылып келатат.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын Конституцияда жазылган тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеӊеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып сот, прокуратура жана башка жерлердин алдында гана акция өткөрүүгө тыюу салынганын, Бишкектеги Горький бакчасында митинг-пикеттерди кенен өткөрө берүүгө болорун айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк боюнча түшүндүрмө берилдиТемирболот Абыкеев Ала-Бука районуна аким болуп дайындалдыПрезидент Жапаров Нарындын мэри Немат уулун кызматтан алдыУлуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасадыИслам революциясынын сакчылар корпусу командачы Алиреза Тангсиринин өлүмүн бышыктадыОрусия британиялык дипломатты чалгын ишине айыптап өлкөдөн чыгарууда Зеленский Киев Пасхада ок атууну токтотууга даяр деп билдирди