Ташиевдин кадрлары бар беле? Мэрлер, акимдер иштен алынды

Камчыбек Ташиев менен Жайнак Немат уулу.

Президент Садыр Жапаров 31-мартта Нарын баштаган бир катар шаарлардын мэрлерин, айрым райондордун акимдерин алмаштырды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин аймактагы кээ бир өкүлдөрүнүн жана акимдеринин орун басарларын дайындады.

"Ынтымак-Ордо" кадр алмаштыруунун зарылчылыгы тууралуу түшүндүрмө берген жок. Кызматтан алынгандар арасында Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен ишке коюлгандар, чуулгандуу иштерде аты аталып, камалып чыккандар дар бар. Соңку өзгөрүүлөр кадр саясатына байланыштуу талкууга жем таштады.

Садыр Жапаров Жайнак Немат уулун Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотуп, ордуна Жылдызбек Беккелдиевди дайындады. Немат уулу бул орунга былтыр июль айында гана дайындалган. Ага чейин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акиминин орун басары болуп төрт жыл иштеген. Анын алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев аталган районго барганда Немат уулу менен сүйлөшкөн. Анда "же начар иштегенинен улам, же колдоочусу жоктугунан" бир жерде төрт жылдан бери отурганын айткан. Ошону менен катар эле Немат уулун өлкөнүн башка аймагына аким кылып жөнөтүүнү убада кылган.

47 жаштагы Немат уулу Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри дагы болгон. Ал кызматтан кеткен себеби тууралуу комментарий бере элек.

Ушул эле күнү Бакытбек Кошалиев Кызыл-Кыя, Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көл, Алмаз Байгазиев Майлуу-Суу шаарларынын мэрлери болуп дайындалды. Ошондой эле Темирболот Абыкеев Ала-Бука, Алтынбек Бектуров Базар-Коргон, Илияз Ташбаев Москва райондоруна аким болуп барышты.

42 жаштагы Темирболот Абыкеев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин жакын тууганы. Ал 2025-жылы февраль айында Баткен шаарынын мэри болуп дайындалып, ушул эле жылдын ноябрь айында кызматтан кеткен. Былтыр Жогорку Кеңешке депутат шайлоодо №29 шайлоо округунан талапкер болуп катышкан.

Эки жыл мурда июлда УКМК Темирболот Абыкеевди "Кара-Суунун акими болуп турганда ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган" деген айып менен кармаган жана көп өтпөй ал кызматтан алынган. Өзү атайын кызмат козгогон кылмыш иши эмне менен бүткөнү тууралуу комментарий бере элек. Агасы Чолпонбек Абыкеев инисине коюлган айыптардын далили жок болгондуктан акталганын айткан.

Дагы караңыз

Жапырт кызматтан алынган акимдердин ордуна дайындоолор башталды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Токтошев "Азаттыкка" комментарий берип жатып мындай кадрдык өзгөрүүнү кадыресе көрүнүш катары сыпаттады.

Эмил Токтошев

"Азыркы Конституцияга ылайык, экономикалык абалга, өнүгүүгө президент түздөн-түз жооп берет. Ага Жогорку Кеңеш, депутаттар жооп бербейт. Негизинен кадрлардын жаңыланып турганы жакшы. Айрым аткаминерлер милдетин аткара албай, чечкиндүү иштерге бара албай жатканын көп эле көрүп жатабыз. Ошондуктан президенттин ишти тарта албагандарды тез-тезден алмаштырганы туура. Канчалык тез жаңыланса иштин ыкчамдыгына таасир этет. Жакшы иштеп жаткандарды болсо ордунан козгогон жок. Жыйынтыгы жок иштегендерди, албетте, алмаштыруу керек. Бүгүнкү дайындалгандарды көрдүм, окудум, туура эле дайындоо болду. Бир күндө 10-15 киши алмашканда коомчулукта баары алмашкандай сезилип калып жатат, бирок андай эмес, аз эле кадр алмашты. Кадрлар резерви бар, булар ошол жакка кирип, ошол жактан тандалып-иргелип анан кызматка коюлуп жатат. Президенттин аппаратынын атайын бөлүмү бар, ошол жактан дагы өтүп жатышат".

Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы президенттин өкүлдөрүнүн жана айрым райондордун акимдеринин орун басарлары алмашты.

"Интербилим" уюмунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Гүлгаакы Мамасалиева соңку кадрдык өзгөрүүлөрдү Камчыбек Ташиев менен байланышы болушу мүмкүн деп боолголойт. Анын пикиринде кызматка дайындоодо, иштен алууда жетиштүү түшүндүрмө берилбей жатат:

Гүлгаакы Мамасалиева

"Азыркы кадр саясатындагы өзгөрүүлөр Камчыбек Ташиевдин кетиши менен дагы байланыштуудай. Айрыкча түштүктө орун басар катары Ташиевдин кишилери иштеп жаткан учурлар бар. Азыр ошолордун баарын караштырып жатышат окшойт. Кадр алмаштырганда деле алардын баары кадрлар резервинен келиши керек. Эгер ошол жакта турса, кезеги келип анан дайындалса анда суроо болбошу керек. Бул жерде ошо жаңы дайындалгандар кадрлар резервинде турганбы, кезеги келгенби деген суроо бар. Кайсы жүйө менен акимдерди, алардын орун басарларын, мэрлерди алмаштырды, бул жагы саясат менен дагы байланышы бардай. Алардын ишмердүүлүгүнө эч ким баа бербей жатат да. Ишин жакшы аткардыбы, начар аткардыбы деген суроо көтөрүлбөйт. Кандай жагдайда кетирилгени тууралуу түшүндүрмө берилбегендиктен коомчулукта бүдөмүк ойлор да жаралат".

Дагы караңыз

Кадр саясаты: Саламаттык сактоо тармагына чекист барды. Чүй, Оштогу өкүлдөр алмашты

Кыргызстанда Баш мыйзам өзгөрүп, өлкө толугу менен президенттик башкарууга өткөндө негизги жүйөө катары кадр саястындагы туруктуулук аталган. Президент Садыр Жапаров бийлик кадрларды даярдоону колго алып келе жатканын билдирген. Былтыр декабрда Жогорку Кеңештин азыркы курамы расмий ишин баштап жатканда депутаттарды кадр дайындоого аралашпоо тууралуу эскерткен.

Cадыр Жапаров.

"Чолпон-Ата шаарында “Акылман” лицейинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 260 таланттуу балдар-кыздар окуп жатат.Буюрса, жети облуста тең “Акылман” лицейлери болот.Азыркы учурда Таласта, Жалал-Абадда “Акылман” лицейлери курулуп жатат.Алдыдагы жылдарда Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында курулат.Ар биринде 300дөн кем эмес балдар-кыздар окушат.Биз азыртадан баштап 22-кылымдын кадрларын, иамлекетибиздин келечегин колго алчу кадрларды даярдап баштадык десек болот.Келечекте ушул мектептерди жана башка дүйнөдөгү эң алдыңкы Жогорку окуу жайларды бүтүрүп чыккан билимдүү, жаңы муундагы улан-кыздарыбыз келип, азыркы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп жаткан бизди, эски муундагыларды, 30-40 жыл дегенде араң толук алмаштырып бүтөт экен.Ушул сыяктуу багыттарды азыртадан баштап колго алып, кадр маселеси боюнча келечектүү мамлекеттик саясатты жүргүзүп жатабыз.Мен муну эмне үчүн айтып жатам?Мурдагы парламенттер учурунда, бир терс адат бар эле.Ал убакта парламенттик система болчу.Баары фракцияларга, депутаттарга баш ийишчү.Депутаттар дагы Министрлерге же жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, “баланчаны түкүнчө кызматка коюп бер, мага чуркады эле” же “жакыным эле” деп буйрук берүүлөр кадимки эле көрүнүшкө айланып калды.Аткарбай койгон мамлекеттик кызматкерлердин кичинекей бир кемчилигин таап алып, аны трибунадан тоодой кылып көтөрүп чыгып, сындап киришет эле",-деген Садыр Жапаров.

Дагы караңыз

Өкмөттөгү өзгөрүүлөр: Төрөбаев менен Досмамбетов эмнеден жазды?

Өткөн айда Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан алынган болчу. Анын иштен кеткен себеби айтылган эмес. Анын алдында Төрөбаевдин бир тууган агасынын уулу менен сүйлөшкөнү жазылган аудио тараган. Анда Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанында тилке тууралуу сөз болгон жана Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын аты аталган. Таймурас Ташиев буга байланыштуу түшүндүрмө берип, ал жерди тартып алган деген дооматты четке каккан.

Бакыт Төрөбаев 18-мартта президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган.

Ушул айдын башында Урматбек Шамырканов дайындалганына бир айга жетпей өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан алынган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына "жаңы министрдин кызматтан кетирилишинин себеби - ал министрдин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелип жатканы менен байланыштуу экенин" жазган. Көп өтпөй Аскер прокуратурасы ага каршы кылмыш ишин козгогон.

Камчыбек Ташиев февралда кызматынан күтүүсүз алынгандан бери Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир катар депутаттар мандатын тапшырды. Саламаттык сактоо министри кызматына атайын кызматтан келген Каныбек Досмамбетов баштаган аткаминерлер иштен кетти.