Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия бийлигинин Донбасс боюнча жаңы талаптарын жарыялады. Кремль Украина Донбасстан эки ай ичинде чыгып кетишин каалайт деген Зеленскийдин сөзүн "Азаттыктын" украин кызматы кабарлады.
Украин президенти Бучада 31-март күнү европалык өкүлдөрдүн катышуусунда шаардын орусиялык оккупациядан бошонгонунун төрт жылдыгына арналып өткөрүлгөн мемориалдык иш-чарада сүйлөп жатып эки айлык мөөнөт тууралуу орус бийлиги Америка президенти Дональд Трамптын администрациясына билдиргенин айтты.
"Алар Америка тарапка эми жаңы мөөнөт бар деп айтып жатышат: эки айдан кийин биздин өлкөнүн чыгышын басып алышат, Донбассты алышат. Ошондуктан Украинанын чыгып кетүүгө эки ай убактысы бар. Эгер Украина чыкпаса, Орусия Донбассты басып алып, башка шарттарды коет. Логикалык суроо - алардын максаты Донбасс болсо анда эмне үчүн алар Донбассты басып алса, андан ары барарын айтып жатышат? Демек, маселе Донбасста эле эмес", - деди Зеленский.
Ал ошондой эле орус армиясы бул максатын ишке ашыра албасын Кремль түшүнүп турганын айтты.
Бирок Зеленский ошол эле учурда Орусиянын бийлиги Вашингтон Украинаны чегинүүгө барууга мажбурлоосу үчүн АКШга басым кылууну улантып жатканын кошумчалады.
Украин президентинин бул билдирүүсүнө Орусия тарап жооп кыла элек. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков ВГТРК телеканалына курган маегинде Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн Орусияга утуштуу жыйынтыкка жетүү үчүн АКШны Киевге болгон таасирин колдонууга чакырып жатканын билдирген. Ушаков ошондой эле АКШ "пайдалуу жана кызыктуу бир катар сунуштарды киргизгенин", бирок алар азырынча ишке ашпай турганын айткан. Кандай сунуштар экенин Путиндин жардамчысы ачыктаган эмес.
Шейшембиде украин президенти согушту токтотуу маселеси боюнча 1-апрелде АКШ менен эки тараптуу видео форматында сүйлөшүү болорун жарыялады.
Зеленский белгилегендей, аны АКШ тараптан президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф жана кеңешчиси Жаред Кушнер, сенатор Линдси Грэм катышуучу сүйлөшүүгө кошулуусун өтүнүшкөн. Сүйлөшүүгө ошондой эле НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте катышарын УНИАН маалымдады. Украина тараптан Зеленскийден тышкары Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров катышат. "Биз каерде турганыбызды жана үч тараптуу келишимдерге канчалык жакындап калганыбызды талкуулайбыз", - деди Зеленский.
Орусия, Украина жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн акыркы раунду 17-18-февралда өткөн. Тараптар март айында Абу-Дабиде жолугушары күтүлүп жаткан, бирок сүйлөшүүлөр АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясынан улам америкалык тараптын демилгеси менен токтотулганын Зеленский маалымдаган.