Ош шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги жер үйдө чыккан өрттөн бир адам набыт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, өрт тууралуу маалымат 1-апрелге караган түндө саат 00:31де жергиликтүү өрт өчүрүү кызматына түшкөн.
Эки өрт өчүрүүчү бөлүк отту саат 00:52де чектеп, түнкү саат үчтө толук өчүрүшкөн.
Өрт кырсыгынан 69 жаштагы эркек киши каза болгон. Кырсыктын себеби иликтенип жатат.
5-мартка караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болгон.
Былтыр октябрда да Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза тапкан. Ушул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. (ZKo)