"Түндүк" Президенттин иш башкармасына өттү

"Түндүк" тиркемеси. Иллюстрация.

“Түндүк” ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармасына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Түндүк” - мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана тездетүү үчүн 2025-жылы түзүлгөн Кыргызстандын улуттук санариптик платформасы. “Түндүк” тиркемеси аркылуу адамдар документтерди алмаштыруу, жашаган дарегин которуу, ооруканага жазылуу, автоунааны кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу сыяктуу кызматтарды колдоно алат.

Акыркы жылдары Президенттин иш башкармасына бир катар мамлекеттик мекемелер өттү.

Анын сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта мекемеге Бишкектеги, Ысык-Көлдөгү, Оштогу жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик резиденциялар, “Клиникалык оорукана” жана “Спорттук комплекс” мекемеси, “Автотранспорттук ишкана”, “Мамлекеттик имараттар департаменти”, “Кыргыздипсервис”, “Кыргыз Куршевель”, “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы”, “Кыргызстройсервис” курулуш ишканасы, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Манас” оркестри, “Кыял”, “Алтын-Көл”, “Кыргыз деңизи”, “Мурас” ишканалары, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы, “Учкун” басмаканасы, “Эйр Кейжи” авиакомпаниясы, бир типография жана бала бакчалар карайт. (BTo)

Дагы караңыз

УКМКнын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси юстиция министринин орун басары болду "Кайык, унитаз, саат таптым". Ысык-Көлдүн түбүн тазалаган БекжанХегсет: Алдыдагы бир нече күн Ирандагы согушта чечүүчү болотТатарстанда заводдогу жарылуудан эки киши каза таап, ондогону жараат алды Экс-депутат Чыңгыз Айдарбеков ИИМде сурак бергени кабарланды