Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк маселеси ЖКда көтөрүлдү

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк.

Кыргызстанда берилип жаткан жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү Европа өлкөлөрү тааныбай жатканы боюнча маселе Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында да көтөрүлдү.

Депутат Нуржамал Төрөбекова ага Европада оор жүк ташыган автоунаа айдаган жана башка транспорт тармагында иштеген кыргызстандыктар кайрылып, айдоочулук күбөлүгүн алмаштыргандан кийин маселе болуп жатканын айтышканын билдирди.

“Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр эл аралык стандарттарга, анын ичинде эл аралык конвенцияларга канчалык шайкеш келет? Европа мамлекеттери менен айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу боюнча эки тараптуу келишимдер барбы? Бул маселени тиешелүү мамлекеттик органдар менен көзөмөлгө алып, ыкчам чечимдерди кабыл алып берсеңиздер”, - деди ал.

Айрым кыргызстандыктар жаңы күбөлүктү кээ бир Европа өлкөлөрү тааныбай жатканын айтып, арызданууда.

31-мартта мамлекеттик мекемелер басма сөз жыйынын өткөрүп, бул маселе боюнча түшүндүрмө берген.

Президенттин иш башкармасынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов Кыргызстан жаңы күбөлүктү басып чыгарардан мурун дүйнөлүк стандарт талап кылган бардык техникалык талаптарды сактаганын, ал бардык мамлекетте таанылышы керектигин айткан.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүлөрү бардык мамлекеттерге, анын ичинде Европа өлкөлөрүнө да жиберилгенин кабарлаган.

Айдоочулук күбөлүктү берүүдөгү реформанын алкагында ушул жылдын январь айынын орто ченинен тарта жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштаган. Анын мурдагы күбөлүк менен өңү жана түзүлүшү боюнча айырмасы чоң. Күбөлүктү басып чыгаруу, реформа кылуу иши менен Президенттин иш башкармасы алектенип жатат. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиевди кармады"Түндүк" Президенттин иш башкармасына өттүОшто үй өрттөнүп, бир киши набыт болдуЗеленский Орусия Донбасс боюнча жаңы талап коюп жатканын айттыУКМКнын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси юстиция министринин орун басары болду Хегсет: Алдыдагы бир нече күн Ирандагы согушта чечүүчү болотТатарстанда заводдогу жарылуудан эки киши каза таап, ондогону жараат алды