"Кыргызнефтегаздагы" жемкорлук: ИИМ Шаирбек Ташиев кармалганын билдирди

Шаирбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Сүрөт 2022-жылы парламентте тартылган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасынын иниси Шаирбек Ташиев жемкорлукка шектелип кармалганы 1-апрелде маалым болду. 18-мартта ИИМ "Кыргызнефтегаздагы" коррупцияга шектүүлөр кармалганын, башка да адамдар аныкталып жатканын билдирген.

Шаирбек Ташиев кармалганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) расмий тастыктады. Мекеменин басма сөз кызматы 1-апрелде тараткан маалыматка караганда, ал "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы миллиарддаган сомдук жемкорлукка шектелүүдө.

Шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалды.

ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы, бул ишти ачууга Мамлекеттик салык кызматынын жана аудитордук текшерүүнүн материалдары себеп болгону буга чейин айтылган.

Дагы караңыз

ИИМ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиевди кармады

Шаирбек Ташиев УКМКнын мурдагы төрагасы, быйыл 10-февралда кызматынан алынган Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.

Буга чейин "Кыргызнефтегаздагы" жемкорлукка байланыштуу төрт киши кармалганы, алардын арасында мурдагы депутат Нургазы Нишанов, Ташиевдин тууганы экени айтылган Байгазы Матисаков кармалганы да кабарланган.

16-мартта Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча иликтөө жарыялап, мамлекет 4 млрд сомдон ашык зыян тартканын билдирген. Мунай сатууга аралашкан он чакты ортомчу компания Камчыбек Ташиевдин жакындарына, инисине жана уулуна тиешелүү экени айтылган.

17-мартта Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы "Коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Дагы караңыз

ИИМ "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип төрт киши кармалганын билдирди

18-мартта он чакты киши суралып, төрт киши кармалган. Министрлик бул боюнча иликтөө иштери уланып жатканын билдирген.

“Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктап, кармашты. Тактап айтканда, 1983-жылы туулган Н.Н. – “Кыргызнефтегаз” ишканасынын Башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1980-жылы туулган А.Р. – “Кыргызнефтегаз” ишканасынын Башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары, 1988-жылы туулган А.Н. – тиешеси бар компаниялардын биринин директору, 1990-жылы туулган М.Б. – тиешеси бар компаниялардын биринин директору кармалды. Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылууда” - деп айтылган Ички иштер министрлигинин 18-марттагы маалыматында.

Дагы караңыз

"Журналисттер төрт жыл мурда эле айткан". Салык кызматы Ташиевдерди айыптады, ИИМ иш козгоду

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев 17-мартта Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Салык кызматы тараткан маалыматтарды четке каккан.

Шаирбек Ташиев милицияга суракка чакырылганы алгач 13-мартта белгилүү болгон. Анда бир нече сааттык сурактан кийин саясатчы бошотулган.

14-мартта ал Жогорку Кеңештин депутаттыгынан расмий түрдө баш тартуу жөнүндө арыз берген.

25-26-март күндөрү да ал күбө катары суракка алынып жатканы кабарланган.

1-апрелдеги сурактан кийин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында анын макамы күбөдөн шектүү болуп өзгөртүлүп, кармалды.

50 жаштагы Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон. 2021-жылы Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алган.

Соңку кезде соцтармактарда ал тууралуу абдан көп компромат мүнөзүндөгү маалыматтар жарыяланып жаткан. Арасында чет өлкөдө казино ойноп, көп акча уттурганы, кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы тууралуу айтылган эле. Бирок өзү комментарий берген эмес.

"Мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча сүйлөшүүсү" делген тасма тараган. Эки мүнөттөн ашык видеодо Ташиевге окшош адам отурганы тартылган. Анын маңдайындагы адам Жусупбек Коргонбай уулу экени жазылган. Коргонбай уулу Ташиев менен кумарканага көп суммадагы каражат уттуруп жибергени тууралуу сүйлөшүү болгонун “Азаттыкка” ырастап, ал качан, кайсыл жерде болгону эсинде жок экенин айткан.

Февраль айында “Азаттыкка” курган маегинде Шаирбек Ташиев мыйзам бузбаганын, тергөөгө чакырса жооп берүүгө даярдыгын билдирген.

Мындан сырткары Шаирбек Ташиевдин былтыр декларацияда көрсөткөн 12 миллиард сомдук мүлкү тууралуу талкуу күчөп, мындай көлөмдөгү мүлктү кантип топтогон деген суроо коомчулукта токтобой келген. Экс-депутат өзү 12 миллиард сомдук мүлкү жоктугун, аны декларацияга жөн эле жазып койгонун айтып түшүндүргөн.

Дал ушундай окуялардын фонунда Шаирбек Ташиев мандатынан баш тартып, муну саясий стабилдүүлүктү сактоо аракети менен түшүндүргөн.

Дагы караңыз

Кыргызстан: Саясий тандем эмне үчүн урады?

Ташиевдердин айланасындагы соңку окуялардан улам атайын кызматтын экс-башчысы Камчыбек Ташиев өзү да ИИМге сурак берген.

Чет өлкөдө жүргөн мурдагы төрага 19-мартта Бишкекке учуп келери менен Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында беш саатча сурак берип чыккан. Министрлик атайын кызматтын мурдагы башчысы эмнеге чакырылганы жана кандай аракет көрүлгөнү тууралуу расмий маалымат берген эмес.

Бир катар маалымат каражаттары Ташиев эки иш боюнча – “75 кишинин катына” жана “Кыргызнефтегаз” ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында сурак бергенин жазышкан. Кабарларга караганда, ал тергөөгө маалыматты таратпоо жөнүндө тил кат берген.

20-мартта Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан Абдулкерим Сатук Буура хан мечитинде Орозо айт намазынан кийин “Регион” телеканалына учкай интервью берип, Камчыбек Ташиев соңку окуяларды комментарийлеген. Ал бир айдан бери өзү тууралуу негизсиз маалыматтар тарап жатканын айтып, аларды каралоо деп атаган.

"...Жаман сөздөрдү, туура эмес маалыматтарды айтышпасын!", - деген ал.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана парламенттин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ага кол койгон беш кишини кармаган.

Мунун артынан эле – 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошол маалда чет жакта дарыланып жүргөн Ташиев президентке жолугуп, кайра башка өлкөгө учуп кеткен эле.

Президент бул окуялардын фонунда берген маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана генералдын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган. Мындай айыптоосун ал 11-мартта парламентке барганда да айтып, “бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жарата турганын” эскерткен.