Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Башкы прокуратурага кайрылды

Төлөкан Исмаилова

"Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлеринин ишине нааразылыгын билдирип, Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу укук коргоочу 1-апрелде "Азаттыкка" билдирди.

Ал 13-мартта ШИИБдин кызматкерлери "Бир дүйнө - Кыргызстандын" кеңсесине келип, "негизсиз түрдө аны суракка алып кетишкенин" айтууда. Исмаилованын айтымында, күч кызматы ага сурак тууралуу алдын ала маалымдаган эмес, чакыруу кагаз да, тиешелүү токтом да болгон эмес.

Сурак алты сааттан ашык жүрүп, укук коргоочунун Фейсбуктагы Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш тууралуу жазгандары жана ал жетектеген уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу болгон. Тергөөчү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган, бирок укук коргоочу жана анын адвокаты бул тууралуу токтомду алышкан эмес.

Исмаилова башкы көзөмөл органына жолдогон арызында конституциялык укуктары бузулуп жатканын белгиледи. Соцтармактарда бөлүшкөн посттору, анын айтымында, расмий булактардан - эл аралык уюмдардын жана маалымат каражаттарынын баракчаларынан алынган.

Укук коргоочу прокуратурадан ШИИБдин кызматкерлеринин иш-аракетине укуктук баа берүүнү, суракка күчтөп жеткирилишин мыйзамсыз деп таап, экспертиза жүргүзүү нормаларынын бузулушуна чара көрүүнү жана тергөөчүнүн экспертиза дайындоосун жокко чыгарууну өтүндү.

Исмаилова менен эколог-активист Бермет Бөрүбаева 13-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында (ШИИБ) сурак берген.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы алардын мекемеге жеткирилишине Исмаилованын соцтармактарда жазгандары негиз болгонун билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

"Фейсбукка жазганы үчүн". Укук коргоочу жана активист милицияда суракта болду


Дагы караңыз

2-апрелдин аба ырайы: Күн ачык болот"Соттошом десем соттун баарын мен чечем деди". УКМК алган мүлк, адилеттик издеген ишкерлерУКМК текшерүүдөн кийин үч медресе жабылганын билдирди"Томми Молл": Абдыкеримовдун айткандары текшериле баштадыБалдарга ийне салынган момпосуй таратууга шектелген адам кармалды"Кыргызнефтегаздагы" жемкорлук: Милиция Шаирбек Ташиевди кармады