УКМК соцтармакта бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаган шектүү кармалганын билдирди

Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Instagram жана Threads социалдык тармактарда бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаган деген шек менен 31 жаштагы адам (М.Э.А.) кармалганын билдирди.

Атайын кызмат ал социалдык тармактарда элди массалык башаламандыкка чакырып, бийликти күч менен басып алууга үндөгөн пост, комментарийлерди жазып келгени аныкталганын кошумчалады. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Шектүүнүн уюлдук телефону алынып, өзү УКМКнын тергөө абагына камалды.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары элди жапырт башаламандыкка үндөгөн, чагымчыл маалыматтырды тараткан жана башка жүйөлөр менен кармалып, жоопко тартылгандар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский Орусия Донбасс боюнча жаңы талап коюп жатканын айттыТрамп "Иранга каршы операция 2-3 жумада аякташы мүмкүн экенин" айтты Депутат Култаева бийликти сөз эркиндигин сактоого чакырдыУКМК текшерүүдөн кийин үч медресе жабылганын билдирдиУКМК экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалганын билдирдиИИМ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиевди кармады"Түндүк" Президенттин иш башкармасына өттү