2020-жылдын бери соттордун ишине сырттан кийлигишкен кураторлор жок. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 1-апрелде журналисттер менен жолугушууда билдирди. Ал мурда соттордун ишине аралашкан куратор болуп келгенин, бирок соңку жылдары андай практика токтогонун айтты.
Журналисттердин “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кийлигишкен эмеспи?” деген суроосуна “болгон эмес” деп жооп берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова 11-мартта парламенттин президент Садыр Жапаров катышкан жыйынында бийликти сот системасын реформа кылууга чакырып, соттордун кураторлорун жок кылууга чакырган. Садыр Жапаров ага мындайча жооп берген:
“Буга чейин болгон, моюнга алыш керек. Болуптур. Анын баарын билдим. Мындан ары андай жок. УКМК, ИИМ, прокуратура ар ким өз ишин аткарат. Мурда администрациянын бөлүм башчысы өзү сот, өзү прокурор, өзү милиция болчу. Биз аны деле көрбөдүкпү. Азыр андай жок”, - деген президент.
Садыр Жапаров тиешелүү адамдарга сотторго буйрук берип, алардын ишине кийлигишпегиле деген талап коюлганын, судьялар эч кимге чалып тапшырма бербей турганын айткан. (BkA)