Бишкекте алты жашар баланы иттер талап, ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

1-апрелде Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда иттер алты жаштагы баланы талап, ал №3 балдар ооруканасына жаткырылды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, окуя тууралуу милицияга маалымат саат 17:37де түшкөн.

Окуяга күбө болгондордон маалымат чогултулуп, иттердин ээси аныкталган. Иттер атылып, бул факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, териштирүү жүрүүдө.

Баланын жакындарынын айтымында, аны ооруканага кошуналары өз автоунаасы менен алып жөнөшкөн. Жолдон туристтик кайгуул ротасынын командири, милициянын капитаны Тимурлан Кулназаровго кайрылып, бала ооруканага милиция кызматкерлеринин машинеси менен жеткирилген.

Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. (BTo)

Дагы караңыз

Бир күндө 15 миңден ашуун бала 1-класска катталдыСпикер Маматалиев 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнүн айттыТрамп АКШ Ирандагы "ишин" аяктап калганын, бирок 2-3 жумада "катуу сокку" урулушу ыктымал экенин айтты Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болдуТрамп "Иранга каршы операция 2-3 жумада аякташы мүмкүн экенин" айтты Ысык-Көлдө орусиялык Су-25 учагынан машыгуу маалында снярад түшкөнү кабарланды