3-апрелдин аба ырайы: Баткенде жаан жаайт

Күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

3-апрелде Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 19…24

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 27…29° болот.

Дагы караңыз

Башкырстанда дрон соккусунан мунай заводунда өрт чыкты "Түндүк" да Президенттин иш башкармасына өттү. Суроо жараткан реформаКамчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков үй камагына чыктыДепутат Жороев 75 адамдын каты ЖКда кимге келгенин ачык айтууга чакырдыБишкекте алты жашар баланы иттер талап, ооруканага түштүЫсык-Көлдө орусиялык Су-25 учагынан машыгуу маалында снярад түшкөнү кабарланды