Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Депутат Жороев 75 адамдын каты ЖКда кимге келгенин ачык айтууга чакырды

Исманали Жороев.
Исманали Жороев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев парламенттин спикери Марлен Маматалиевди президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча 75 адамдын каты Жогорку Кеңешке кимге келгени жана тармактык комитетке кимдин атынан киргизилгени тууралуу ачык маалымат берүүгө чакырды.

Парламенттин 2-апрелдеги жыйынында Марлен Маматалиев кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе тосуп алышканын, аны тастыктаган видео жазуулар бар экенин айтып, бирок алардын аты-жөнүн ачыктаган жок.

“Кат түздөн-түз төраганын атына жиберилсин деп спикердин атына каттатып, мурдагы төрагага киргизилген. Анын алкагында тапшырма берилип, ирет-ирети менен комитетке чейин түшүп, кароого киргизилет. Андан кийин эле Жогорку Кеңеште бир топ өзгөрүүлөр болуп, кат артка кетти. Бирок тиешелүү документтин баары ИИМге берилди. Эми тергөөдө аныкталат”, – деди ал.

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин 2-апрелдеги отурумунда төрагалык кызматка киришкенден кийин биринчи эле иш күнүндө бул маселеге байланыштуу териштирүү жүргүзгөнүн билдирди. Анын сөзүнө ылайык, кат Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке түшүп, кароого жиберилгени аныкталган.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийин курган маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президенттин жана атайын кызматтын төрагасынын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG