Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, үч ит талаган алты жашар баланын абалы туруктуу, бирок оор деп бааланууда.
Маалыматка ылайык, ит талаган баланы оор абалында милиция кызматкерлери 1-апрель күнү саат 19:10до Балдардын Тез жардам ооруканасына алып келишкен. Дарыгерлер балага дароо шашылыш операция жасашкан. Медициналык корутундуга ылайык, азыркы учурда бала оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ошондой эле операциядан кийин балага кутурмага жана селеймеге (столбняк) каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөн. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, абалы жакшырса, бала жакынкы күндөрү палатага которулат.
1-апрель күнү Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда 6 жаштагы бала балдар аянтчасында ойноп жаткан учурда коңшу короодон чыккан үч ит талаган. Жабыркаган балага жергиликтүү тургундар кошуналары тарабынан жардам көрсөтүлүп, аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал дароо балдар ооруканасына жеткирилген.
Баштапкы маалыматтар боюнча, иттер кожоюндары жок учурда короодо бош жүргөн.
Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек милициясынын басма сөз кызматы 2-апрель күнү үч ит кожоюнунун көзүнчө жок кылынганын маалымдады.(ZKo)