Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Махабат Тажибек кызы ооруканада дарыланып жатат

Махабат Тажибек кызы камакта эки жылдан ашуун убакыт кармалды.
Махабат Тажибек кызы камакта эки жылдан ашуун убакыт кармалды.

23-мартта эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде абактан чыккан журналист, Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу 2-апрелде укук коргоочу, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Укук коргоочу журналисттин ден соолугуна акыркы эки жылдан ашык убакта камакта отурганы зыянын тийгизгенин, Махабаттын саламаттыгы начарлап, ооруканага жаткырылганын белгиледи.

"Организм алсызданган, күчү жок. Ал абактан чыккандын эртеси мага "эже, мени танк тебелеп кеткендей акыбалдамын... жыла албай жатам, дем алуум кыйын болуп калды" деп айтканын унута албайм. Бул сөздөрдө башынан өткөргөнүнүн баасы жатат", - деп жазды укук коргоочу.

Гүлшайыр Абдирасулова буга карабай Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызынын соттук ишиндеги баштапкы кароону 7-апрелге койгонун белгиледи. Укук коргоочу сот иши Махабаттын саламаттыгына байланыштуу жылдырылары белгисиз экенин, бирок азыр 1-орунда анын ден соолугу турганын белгиледи.

Бишкектин Ленин райондук соту 23-мартта Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен чыгарган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG