Акыйкатчы Жаманбаева Беларуста абакта отурган кыргызстандыктар менен жолукту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кыргызстандык жарандар менен сүйлөшүү учурунда. Минск. 2-апрель, 2026-жыл.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Беларустун борбор калаасы Минскидеги иш сапарынын алкагында ал жакта тергөө абагында кармалып турган кыргыз жарандары менен жолукту. Омбудсмендин басма сөз кызматы 3-апрелде билдиргендей, Жаманбаева тергөө абагына Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин өкүлдөрү менен чогуу барып, ал жердеги үч кыргыз жараны менен сүйлөштү.

Камакта отургандардын бири киши өлтүрүүгө, экөө баңги зат таратууга айыпталып кармалгандар экени айтылды.

Алар тергөө абагындагы шартка жана медициналык тейлөөгө нааразылыгы жоктугун айтышты. Жаманбаева камактагы кыргыз жарандарынын мекенине экстрадиция болуу укугун түшүндүрүп берди.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 2025-жылы чет жакта соттолгон кыргызстандыктардын арасынан 300дөй адам мекенине экстрадиция болгон. Быйыл жыл башынан бери дагы 80ден ашуун адам жазасын өтөөнү Кыргызстанда улантуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Кыргызстандын канча жараны чет мамлекеттерде камакта отурганы тууралуу соңку расмий маалымат 2024-жылы жарыяланып, 1,5 миң киши экени айтылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү"Көзөмөл болбогонуна ким жооптуу?" Токторбаев суракка чакырылды, ишкерлер акчасын доолап чыктыСүрөтчүлөр үйүнүн жер тилкеси боюнча соттун чечими чыктыСот адвокат Токтакуновдун арызы боюнча Фейсбук колдонуучусун 20 миң сом айыпка жыктыОшто кылмыштуу топту каржылоого шек саналган үч киши камалдыИрандын түндүгүндө АКШнын соккусунан негизги көпүрө жарактан чыкты