4-апрелдин аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.

8-апрелге чейинки күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

4-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашы ыктымалы аз, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 23…25° болот.

Дагы караңыз

Кыргыз жаранынын Орусияда жетим калган небереси боюнча маселе көтөрүлдүКыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү"Көзөмөл болбогонуна ким жооптуу?" Токторбаев суракка чакырылды, ишкерлер акчасын доолап чыктыСүрөтчүлөр үйүнүн жер тилкеси боюнча соттун чечими чыктыҮч өлкөнүн өкүлдөрү "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорун талкууладыИрандын түндүгүндө АКШнын соккусунан негизги көпүрө жарактан чыктыИтке таланган баланын абалы туруктуу экени маалымдалды