АКШнын президенти Дональд Трамп 2027-жылдын бюджети боюнча сунушун 3-апрелде Конгресске киргизди. Документте администрациянын негизги артыкчылыктары көрсөтүлгөн.
Долбоор Иран менен болгон аскерий кагылыштын фонунда коргонуу чыгымдарын кескин түрдө, 500 миллиард долларга көбөйтүүнү жана “Алтын купол” сыяктуу жаңы коргонуу программаларын иштеп чыгууну карайт.
Трамп 2027-финансылык жылга АКШнын коргонуу бюджетин рекорддук 1,5 триллион долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады, бул учурдагы чыгымдардан 40% көп. Ошол эле учурда башка беренелер боюнча чыгымдарды орто эсеп менен 10% кыскартуу пландалууда.
Трамп жыл башында ант кармап кызматка киришкенден кийин дароо эле чыгымдарды азайтып, бюрократияны жоет деген максатта DOGE түзүлгөн жана ошондон бери мамлекеттик кызматтардан он миңдеген адам иштен алынган, бир катар агенттиктер, мекемелер жоюлган жана бул талаш-талкуу жаратып, соттошууларга жол ачкан.
Жаңы долбоорго ылайык, 2027-жылы федералдык чыгымдар коргонууга жумшалчу каражаттын эсебинен 2026-жылга салыштырмалуу 400 млрд долларга көп болууда.
Конгресстеги демократтар администрация сунуштаган долбоорду колдобой турганын билдиришти.
Талкуулоо учурунда сунушталган долбоорго айрым түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн. Көп учурда эки партиянын тең артыкчылыктарын эске алуу менен убактылуу бюджет кабыл алынат.