Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:38

Дрон соккусунан Украинада беш, Орусияда бир кишинин өмүрү кыйылды

Днепропетровск шаарындагы соккунун кесепети. 2026-жылдын 4-апрели.
Днепропетровск шаарындагы соккунун кесепети. 2026-жылдын 4-апрели.

Украинанын Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Ганжа өзүнүн Telegram каналында Никопол шаарында Орусиянын чабуулунан беш адам каза болуп, 19 адам жаракат алганын 4-апрелде жазды. Ал сокку FPV дрондору менен жасалганын кошумчалады.

Администрация башчысынын айтымында, каза болгондордун арасында үч аял жана эки эркек бар. Жаракат алгандардын арасында 14 жаштагы кыздын абалы оор.

Ганжа ошондой эле соккудан өрт чыгып, чекене соода павильондору жана дүкөн жабыркаганын билдирип, сүрөттөрүн жарыялады.

Орусия тараптан азырынча эч кандай билдирүү боло элек.

4-апрелге караган түнү Орусия Украинанын Киев, Сумы, Днепропетровск облустарына дрон менен чабуул койгон.

Учкучсуз учактар Сумы облусундагы 16 кабаттуу үйгө жана менчик аймакка тийген. Шаар мээринин милдетин аткаруучу Артем Кобзар 13 киши жараат алганын, арасында 15 жаштагы өспүрүп бар экенин билдирди.

Сумы
Сумы

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү жалпысынан 286 дрон чабуул койгонун, алардын 260ы атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Орусия соңку чабуулдар тууралуу комментарий бере элек.

4-апрелге караган түнү Орусиянын Самара облусундагы Тольятти шаары дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлап, ASTRA Телеграм каналы, украиналык байкоо салган Exilenova+ жана Supernova+ каналдары чабуулдун кесепеттери, өрт тутанганы тууралуу жазышты.

ASTRA каналынын маалыматына караганда, “Тольяттикаучук" жана "КуйбышевАзот" ишканаларынын аймагында өрт чыкты. "КуйбышевАзот" Орусиядагы жер семирткич өндүргөн ири химиялык компаниялардын бири. “Тольяттикаучук” нефтехимиялык, синтетикалык каучук өндүргөн ишкана.

Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев Тольяттиге сокку урулганын соцтармакка ырастап, бир кызматкер жараат алганын билдирди. Дрон көп кабаттуу үйдүн чатырын зыянга учуратты, транспорт кыймылы чектелди.

Украин тарап азырынча комментарий бере элек.

Мындан сырткары Ростов облусундагы Таганрог шаары 4-апрелге караган түнү аткылоого дуушар болуп, бир киши каза тапты. Төртөө жараат алды, алардын бири башка өлкөнүн жараны. Бул тууралуу облус башчысы Юрий Слюсарь билдирди.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG