Ошто мектептеги жаңжал боюнча эки кылмыш иши козголду

Ош шаардык милициясы жеке мектептеги мугалим менен окуучунун апасынын ортосундагы пикир келишпестик боюнча эки кылмыш ишин козгогонун билдирди.

9-мартта Оштогу “Юниум” менчик мектептин мугалими милицияга арыз менен кайрылып, 1-класстын окуучусунун апасы ага кол көтөргөнүн билдирген. Ошол эле күнү экинчи тараптан да арыз түшүп, мугалимдин үстүнөн даттануу болгон.

Шаардык милиция окуучунун апасынын күч колдонгону жана мугалимдин окуучуларга ырайымсыз мамиле жасаганы, өз милдеттеринен аша чапкан учурлары болгону аныкталганын билдирди. Бул боюнча видео материалдар алынганын жана сотко өткөрүлүп берилерин тактады.

Мугалимге карата Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси ("Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо"), ал эми окуучунун апасына 280-берененин 1-бөлүгү (“Бейбаштык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуучулардын ата-энелери мугалимге кол көтөргөн, тилдеп урушкан учурлар Кыргызстанда буга чейин да катталган.

16-февралда Бишкекте мектеп окуучусу 69 жаштагы мугалимге кол көтөрүп, улгайган курактагы агай ооруканага жаткырылган.

Агартуу министрлиги жыл башында мугалимге орой мамиле кылган, шылдыңдаган, акарат келтирген окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Ошол эле учурда мектепте мугалимдер балдарга кол көтөргөн окуялар да аз эмес. Жыл башында Бишкектеги мектептердин биринде окуучуну сабаганы айтылган мугалим коомчулуктан кечирим сураган. Көп өтпөй ал кызматынан алынган.

Дагы караңыз

Иран Иракка Ормуздан өтүүгө уруксат берди Амангелдиев Кыргызстанда АЭС куруу маселесин эл чечерин билдирдиОрусия менен Украина бири-биринин дрон чабуулуна кабылганын билдирдиТрамп АКШнын коргонууга жумшалуучу чыгымын 1,5 эсе көбөйтүүнү сунуштады