Херсон облусунда өткөн суткада Орусия күчтөрүнүн аткылоосунан эки адам каза болуп, 13ү жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди. Жабыркагандардын арасында бир бала бар. Сегиз көп кабаттуу үй жана 17 турак жай жабыркаган.
Харьков шаарына жана облустун 13 калктуу конушуна жасалган аба соккуларынан 11 адам жабыркады. Бул тууралуу облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Жараат алгандардын арасында 11 жаштагы кыз жана 95 жаштагы аял бар. Учкучсуз учактардан тышкары, орус армиясы аймакка сокку уруу үчүн алты башкарылуучу авиабомбаны колдонгон.
Сумы облусунда бир сутка ичиндеги аба соккуларынан 35 адам жабыркады, анын ичинде 19 бала бар экенин облустук полиция кабарлады. Көп кабаттуу үйлөр, автоунаалар жана административдик имараттар зыянга учураган.
Ал арада Орусия тарап да украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын билдирди. Нижегород облусунун губернатору Глеб Никитин 5-апрелге караган түнү украин дрондорунан "Лукойл-Нижегороднефтеоргсинтез" ишканасынын эки объектисине зыян келтиргенин билдирди. Өрт чыгып, толугу менен өчүрүлгөнүн кошумчалады.
Никитин билдиргендей, "Новогорьков” жылуулук электр борбору, бир нече турак жайлар жана үй алдындагы жер тилкелери жабыркаган. Жергиликтүүлөргө электр энергиясын берүүдө кыйынчылыктар болууда.
Бийликтин маалыматы боюнча, Нижегород облусуна жасалган чабуулда 30 дрон байкалган.
Шерине