Улуттук коопсуздук боюнча мамекеттик комитети (УКМК) мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 1-апрель күнү Ю.В. аттуу жаранды кармаганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шектүү эл аралык террордук уюмдардын идеологиясын жана Борбор Азия аймагында «халифат» түзүү идеяларын колдоого шек саналууда. Ал чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн кезинде террордук ишмердүүлүктү каржылаган эл аралык террордук уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылган.
"Мындан тышкары, Ю.В. согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн бирине чыгып кетүүнү көздөгөн. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган эл аралык террордук уюмга кошулууну пландаган", - деп жазылган маалыматта.
Коопсуздук кызматы кыргызстандык жарандарга террордук уюмдардын ишине катышуу жана аларды каржылоо кылмыш болуп саналарын эскертти.
Учурда иликтеп-тергөө иштери жана буга башка адамдардын да катышы бар-жогун аныктоо иштери уланып жатканы кабарланды. (ZKo)