Бишкекте милициянын кайгуул-күзөт кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, орой мамиле жасаган адам - грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 36 жаштагы М. Р. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя, мекеменин маалыматына караганда, 3-апрель күнү саат 16:15 чамасында Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгон. Жол тескөөчү «Li» үлгүсүндөгү унааны токтоткондо айдоочусу орой сөздөрдү колдонуп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес.
Натыйжада айдоочу Республикалык психиатрия жана наркология борборунда медициналык кароодон өткөрүлүп, баңгизат колдонгону, мас абалында унаа айдап жүргөнү аныкталган.
Спортчу ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук милициясына жеткирилип, Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине ("Майда бейбаштык") ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен милициянын атайын кабыл алуу жайына 3 суткага камакка алынган.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси ("Сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, күрөң-жашыл түстөгү зат салынган ширеңке кутусу табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат баңгизат — гашиш экени аныкталган. Бул факт боюнча ал кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кабарланды.
«Li» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол тескөөчүнүн талаптарына баш ийбей, сөгүнүп, орой мамиле кылганы тартылган видео соцтармактарга тараган. Колдонуучулар айдоочу Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу Мурад Рамонов экенин жазууда.
Спортчунун жакындары же адвокаттары азырынча маалымат бере элек.
Укук бузуулар кодексине кошулган жаңы талаптарга ылайык, жол тескөөчүлөрдүн унааны токтотуу талабына баш ийбеген айдоочу кайра сынак тапшырууга милдеттендирилет.
Ал эми баңгизатты мыйзамсыз даярдоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамга 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салынат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.(ZKo)