Казак жигиттин кыялын кыйраткан кандуу апрель

Бийликке каршы чыккандар Бишкектин борборунда, 7-апрель, 2010-жыл.

Көкүрөгү максатка, жүрөгү сүйүүгө мелт-калт болуп турган казак жигити Касиет кыргыздын баш калаасында окуп-чокуп, илгери үмүтү менен эл жыйылган чоң жыйындарда кызыл тилин сайраткан чечен, мыкты саясатчы болгусу келчү. Бирок тагдыр анын башына “эң кара жолтой күндү” саларын кайдан билсин...

Таанымал журналист жана публицист Жеңишбек Эдигеевдин “Жетинчи апрель” аңгемеси 2010-жылдагы кандуу тарыхты баяндайт. Автор ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган окуяны Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуган Касиет атуу жигиттин тагдыры аркылуу берет.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардагы мындай трагедиялуу окуяга кайрылган авторлор сейрек. Балким, келечегинде бул окуялар ар кайсыл өңүтүнөн талданар. Бирок автордун кызыктуу табылгаларына күбө болобуз.

Аңгеме Кордайдан Бишкекти көздөй келе жаткан 321-номерлүү маршруттук каттамдан башталат. Жүргүнчүлөрдүн бирине жакыны телефон чалып: "Бишкекке барбагыла, ызы-чуу болуп жатат" деп эскертет. Анысы “Кыргыздарда боло жүргөн митингдердин бири го” деп, маани бербей “Аламүдүн базарга барсак болду” деп, сапарын улашат.

"Калаада ар бир тириликтин өз эрежеси, ыргагы, өз үнү бар. Айталы, Кордай-Бишкек каттамы. Ал башка каттамдарга окшобойт. Эки өлкөнүн бажысын кесип өтөт. Шаарды аралабайт. Калаанын четки турмушун көргөзөт. Дарактуу жээктерди, айылдык да эмес, шаардык да эмес адамдарды, алардын үй-жайын, короосун, короосунан үрүп чыккан иттерин, уй айдаган, кой айдаган, үндүк-тоогу жайылган тирилигин көргөзөт… Ошол үчүн ар каттамдын өз терезеси-жомогу, өз санаасы бар. Узун жолдор узун санааны берет. Шаар ичинде башка санаа, кыштак менен калаанын ортосунда башка санаа. Кордай-Бишкек каттамы. Ошол 321-маршрутка. Ал казак айылынан чыгат, кыргыз шаарына барат. Эки өлкөнү эле эмес эки жашоону, эки түрлүү айлыкты, эки түрлүү акчаны, эки бөлөк тилди бир кылып кошуп турат. Анын баарысы ошол "321-нин" ичинде…

Артта телефон шыңгырады:

- Анашым, түсиндим гой, жарайды! Барбайм дедим гой ал жакка, ие жарайды!.. Саган өзүм звандайм.

Бул Касиет. Кордайлык жигит. Бишкекте Эл аралык мамилелер факультетинде студент. Кызыкканы саясат. Илимий ишинин темасы: Эл аралык трибунадагы ораторлук. Саясаттагы кызыл тил анын сүйгөн темасы. Ораторлук боюнча окуй турганы оголе көп бирок Касиет аны китептен эле эмес турмуштун өзүнөн тапты, болгондо да Бишкектен. Өзгөчө жандуу, чыныгы практика. Ал – Бишкектеги митингдер эле! Оуу-у Бишкек аянтынан ал эмне деген гана ораторлорду көргөн жок! Кандай гана от сөздөрдү уккан жок! Бишкектеги митингдерден сөз байлыгы өстү, жазчу кеби курчуду, дептери толду, башкада жок учкул сөздөр токулду. Бишкектеги митингдер ага эчен идея берди, кантип сүйлөштү эле эмес кантип коркпошту, кантип баш көтөрүп эл алдына барышты үйрөттү. Ораторлор аны тириликтен өйдө тартты. Айларга эмес жылдарга созулган митингдер студент Касиетке эле эмес элге чоң сабак болду! Жыйындар элдин ичи кенч экенин көргөздү. Ал жерде аты чыккан саясатчылар тургай жер-жерден келген кызыл тилдин чеберлери болду. Элеттин тили ойгонду. Кат болуп жетпей жүргөн сөз Ала-Тоонун чок ортосуна жетти. Кат кылып айталбай жүргөн сөз түз эле Ак Үйдүн кулагына жаңырды. Элдин саясий түшүнүгү өстү. Алай менен Ат-Башыдан келгендер мамлекеттик түзүлүштү, саясий системаны, алардын күңгөйү менен тескейин, шайлоолорду, укуктарын семичкедей чагып турду. Касиет кызылдай саясатты гана эмес Ала-Тоонун аянтында туруп кыргыздын короосунда малын, дасторкондо шекери менен нанын, түбү жыртык чөнтөгүн, элеттин намысын арын угуп атты”.

Дагы караңыз

Окуучунун жүрөгүндө калган мугалим

Касиет Бишкекте студент болуп жүрүп кыргыз баш калаасындагы тынбай өткөн митингдерге калтырбай барат.

Ар бир ирет митингден чыгып Кордайына баратып айтылган сөз, эмоциялар көөдөнүн жарып мээсинде тегеренет. Анын баары кесиби менен дал келишип, камырдай жуурулушуп ансайын канаат алат. Ошондон улам Бишкекти, Ала Тоонун аянтын, окуу жайын эселеп сүйөт. Алыскы облустардын биринен келген улгайган апанын трибунага чыгып барып кылкылдаган калың элди жымжырт кылып көшүтүп сүйлөгөнү, уккан элди намыстантып: “Ошо да! деп, -Туура да! деп, Аттиң ай! деп баш чайкатып турганы жүрөгүн улам туйлатат. Элдин бугу толуптур да! Касиет унутуп калбайын деп диктофонун бир камдап, улам чөнтөк дептерине сөз жазат.

– Ушундай эл, ушундай коомду айт! Дал ушунун өзү экен - менин элим, казак элим суктанып, жетпей аткан демократия, сөздүн анык эркиндиги деген! Касиет биринчи курска келген жылы Кыргызстанда биринчи ыңкылап болду. Мына ошондон Касиеттин экинчи, жандуу сабагы башталды. Элдин толкундоосу көптүгүнөн митинг, демонстрациялардын графигин түзүп алган. Качан, кайда эмне болот, алар эмне үчүн болот Касиет баарысын жатка билет. Күндөлүк сымал дептерине толтурат. Анын экинчи аудиториясы – Ала-Тоо аянты болду. Аянтка элден биринчи барат дагы калдайган үн күчөткүчтөр жанына жайгашып баарын жаздырат. Жаккан сөзүн, маанилүүсүн, курч жерин белгилейт, алдын сызат. Анализдейт. Буюрса илимий ишим өзгөчө, өтө жандуу болгону калды деп билегин түрүп шыпшынат”.

Касиет бул жолу дагы бейкапар гана Бишкекти көздөй келе жатты. Жолдо ашыгы Назгүл теелфон чалып, сабактары үзгүлтүккө учурап, “кыздар үйлөргө кетебиз деп жатышат, балдар болсо митингге барабыз дешет” деген кабарын угат. Экөө дайыма кездешип жүргөн бактан жолукмак болуп, телефондон коштошот.

“Касиет келди. Назгүл анын ийнине башын катып көпкө кучагынан чыгарбай үнсүз турду.

-Азыр кое турчу… ушинтип тура туралычы! – деди Назгүл. Анан эркелеп экилүү сүйлөдү:

-Мен түндө сени кайра чалат го деп ойлогом!

-Эрке кыз десе, экөөбүз жакшы укта деп коштошподук беле?..

-Баары бир… мени сезип, сен дагыле уктай элек окшойсуң деп, мени тилдеп: жаткының эрке кыз деп айтаарыңды күткөм да…! А сен болсо анткен жоксуң!..

Экөө бирин-бири кайрадан бекем кынашып, үн-сөзсүз туруп калышты. Бир кезде Назгүл Касиеттин колун өзүнүн сол тарап төшүнө алып келди да:

-Көрдүңбү?! Негедир жүрөгүм бүгүн тынч эмес, эртелеп группага келсем да жанагыдай иш… Көчөлөрдү көрдүңбү?!

Жигит кыздын эрдинен акырын өптү:

-Баары жакшы болот, жаным, жүр эмесе элге баралы!

Окуу жай ичи чынында кыйсыпыр экен. Анткени өлкөдөгү кырдаал кечээги күнү катуу өзгөргөн эле: карапайым эл жер-жерлерде облустук, райондук администрацияларды басып алып, элдик бийлик жарыялап жатышкан болчу. А бүгүн болсо Бишкек катуу козголуп турат. Аянтка эртелеп кыймыл кирип, ар жерде топтошкон эл. Шаардагы тирилик күндөгүдөй болгон менен элдин маанайы бөлөк: көз караштары санаалуу, санаа эле эмес негедир бир нерсеге бушайман, тынчы жок болуп кайдадыр уруп-салып шашып басат… Баары шектүү, баары кооптуу. Алардын кайдадыр шашканы да кооптуу… Бир карап билбейсиң, түшүнбөйсүң, ким кайда эмнеге шашып барат? Өз тирлигинеби же кайда, башкагабы? Башкага болсо – эмнеге?! Кыргызда ыңкылап бышып жетилип калганы ушинтип элдин маанайынан, а тургай шаардын кыймылынан, а тургай асманда калкып турган абадан да билинет. Ал негедир оор, ал негедир көңүлсүз, ал негедир көкүрөктүн өзгөчө диагнозу, ыңкылап деген диагноз! Коомдогу бул сезим негедир жер титиреп келатканын эрте сезген макулуктай: жыт сезген, тыбырчылап өз куйругун айланып, амалын таппай, чуркап барып бир дарыны жутмайын көздөрү каканактап карайлай берчү, түйүлгөн муштум ансыз жазылбачудай бир сезим. Тириликтин, жан багуунун сезими эмес, андан алда чоң сезим. Көрсө ал - Улуттук сезим экен. Элдик сезим экен. Көрсө, мунун баары ошол себептен тура! Андай болсо анын жөнү бар экен да! Эл жөн жерден козголуп, санаанын тонун кийбептир да”.

Дагы караңыз

Сүйүүдөн турмуш жаралат

Ошентип жетелешкен Касиет менен Назгүл саат ондордо окуу жайына келет. Баарынын өңү суз, шашкалактап, чоң цунаминин алдындагы деңиздин майда толкундарындай абалды көрүшөт.

Чоң коридордон жоон топ жигиттер көрүндү. Баарынын өңү суз, ошол эле учурда жемин көргөн шумкардай баарынын көздөрү жанып, көздөгөн, мээлеген жери бардай, кайдадыр шымаланып алышкан. Касиет аларды көрүп сүйүнүп кетти. Группалаштары экен. Тилекке каршы эң алдыда кол алышкан жигит гана имерилип Касиетке жарым үн менен шашкалактап суз айтты:

-Касиет, үйлөргө тарадык, бүгүн сабак жок, кана колду бер, эртең көрүшөбүз!

Касиет ошол замат түшүндү: демек булар мени кошкулары келген эмес экен да, демек мени митингге барбай эле койсун дешкен экен да! Түшүнүктүү, түшүнүктүү! Анткени мен башкамын да, анткени мен башка өлкөдөн келгем да!.. Сени жайыңа койобуз, сага тийишпейбиз дегендери турбайбы! Карап кой а буларды! Мени өзсүнтүшкөн эмес экен да! Кайран гана досторум, болбойт, болбойт мунуңар!

Кантсе да Касиет ардана түштү. Кантсе да бирге жүргөн достору да. Тимеле ичи өрттөнүп, арданып кетти. Анын үстүнө Назгүлдүн алдында негедир басынып калды. Аңгыча ары жактан группалаш кыздары көрүндү, курбулары. Назгүл аларды утурлаганча Касиет мен бу жакта болом деп жанындагы бош аудиторияга кирди. Жүз ашык студент баткан ээн залды, парталарды, лектор туруп окуган тактаны бир сыйра демин басып үн-сөзсүз карап чыкты. Жымжырт, баары жымжырт. Бул жымжырттык, бул жалгыздык аны ого бетер туталантты. Жанындагы бош партага көчүк басты. Көзүнө группадагы жолдоштору, лекция окуган лекторлор элестелди, алардын кыймылы, үнү угулду… Бир кезде кинодогу элес сымал лектор аны элдин алдына чакырды:

-Кана эмесе, Эржанов Касиет, сүйлөңүз! деди. Касиет шарт башын көтөрдү да сүйлөп кирди:

-Коом тартип, эреже менен жашайт! Мамлекеттеги эң улук нерсе бул Конституция! Анан барып Кодекс улук, андан кийин Мыйзам улук. Бул эреже. Бул тартип. Конституция – бул оюндун философиясы, а кодекс менен мыйзамдар алар – оюндун инструкциясы, кантип ойнош керек экенин айтат. Айталы, бул дагы биздин көчмөн элдин иерархиясындай: алгач Жараткан Теңир улук, анан барып Табият, анан адамзат, анан барып көчмөн элдин салты-санаасы, маданияты, уруулары улук…

-Ой-бай профессор Эржанов! Браво! Браво! Назгүл акырын кирип Касиеттин “элдин” алдына чыгып, бош залды карап сүйлөп берип жатканын карап турган эле. Анан ал дагы образга кирип, лектор олтурчу орунга тып-тып этип чуркап барып тура калды да, үнүн лектордукундай жоон чыгарып минтип сурады:

-Айтыңызчы Эржанов! Биз Мыйзамды качандыр буза алабызбы же ал түбөлүк кынтыксыз нерсеби?

-Урматтуу лектор, бул абдан керек жана маанилүү суроо! Девид Генри Торо айткан: «Эгерде мыйзам калыс жана акыйкат эмеспи анда аны бузуу керек» деген. Ал эми Мартин Литер Кинг: «Калыстыгы жок мыйзам ал – мыйзам эмес» деген. Көрдүңүзбү, мыйзамды мамлекет аныктайт бирок ал акыйкат болгондо гана өмүр сүрөт. Биз мыйзамды бузсак болобу же болбой калабы деп эмес – кези келсе аны бузууга милдеттүүбүзбү? деп сурашыбыз керек! Анткени мыйзамдар ЭЛге иштеши керек! Мисалы Планетанын кызыкчылыгы үчүн мыйзамды бузсак болобу? Же болбосо мыйзам улукпу же ЭЛдин намысы улукпу? Мынакей, биз суроону кандайча коюубуз керек! Урматтуу лектор, терезеден сыртты караңызчы, көчө толо демонстранттар, митингчилер! Эмне үчүн бизде эл көтөрүлүп жатат? Кимдер болду экен, мыйзамды бузган? А балким ал калыс эмес мыйзамдыр! Көчөдөгүлөр мыйзамды демек ЭЛ намысын сактоо үчүн мыйзамды бузууга бараткандар болуп жүрбөсүн?..

-Вауу-у, жообуңуз жүрөккө тиет го, жолдош Эржанов! Кана, мага жакын келиңизчи!.. Сиз мага негедир жагып атасыз жолдош студент! Бул менин сизге буйругум!.. деп Назгүл Касиетине эркелеп колун сунду.

Касиет Назүлдүн жанына барды.

–Сиздин буйругуңуз менен жаныңызга келдим, урматтуу лектор айым!

Экөө тең күлдү. Анан экөө тең эзелтен көрүшө элек ашыктардай бир-бирине ашыгып бир денедей кыналып, моюнга колдор оролуп, аймалашып, өбүшүп кирди… Баары жымжырт, элдин баары тарап кеткен. Бу лекция залы эле эмес, бүт окуу корпусу да тынчып калган эле… Экөө башка жерде эмес окуу залдын ичинде туруп өбүшө кеткени аларды чоочутуп ошол эле учурда өзгөчө өң кошуп, дене боюн дирилдетип турду…

-Алтыным! деди Касиет эриндери майда титиреп. Анан Назгүлдүн көйнөгүнүн эки топчусун ачып жиберип, тирелип турган эмчегине оң колун коюп көздөрүн жумду… Назгүл коюланган көздөрү менен жигиттин дирилдеген эриндерин жагымдуу карап:

-Ашыкпаңыз чоң жигит, чек араны бузбаңыз…! деди шыбырап. Ошондо Касиет чочугансып көзүн ача калды:

-Ак Жол чек арасын айтып жатыпсызбы сонда? Жо-ок мен эң законопослушный гражданинмин гой, эч качан закон бузбаймыз гой…!

Экөө тең бырс жарылып каткырды. Алар бири-бирин дале кучагынан чыгаргысы жок. Кайра өбүштү. Анан Назгүл акырын наздуу үн катты:

-Тойго чейин эч мыйзам бузмай жок, чек араны бузмай жок жарайбы?!

-Жарайт менин ханышам! Баса, той жөнүндө экөөбүз расмий үстөлгө олтуруп алып сүйлөшөлү дебедик беле, мыы-ы?

-Сүйлөшөбүз, мырзам! Ашыкпай туруңуз! Жаа-акында сүйлөшөбүз! Мен апам менен сен жөнүндө кантип сырдашканымды да айтып берем, макулбу? Назгүл Каситетти бөбөгүндөй эркелетип мурдуна сөөмөйүн тийгизип койду”.

Дагы караңыз

Казакбаевдин “Класскому” азыр да актуалдуу

Эки ашык “Бишкек-сити” соода борборунун жанынан тамактанып, “бүгүнкү митингге катышпай турган болуп” убадалашат. Алдыда экзамен жакындап калгандыктан үйлөрүнө барып эле ошого даярданмак болушту. Бирок Касиет Назгүлдү таксиге салып жиберип, аянтты бир карап өтмөк болуп, ошол тарапка кадам шилтейт. Чынында ушул кадамы тагдыр чечерин, өлүм менен өмүрдүн тандоосу экенин кайдан сезсин.

“Киев көчөсү менен келип, “Илбирс” ишканасы имаратынын тумшугунан бурулуп аянтка аттай бергенде Касиеттин жүрөгү бир болк этти. Аянтты көздөй “Ала-Тоо” кинотеатры тараптан тумандай каптаган калың топ келаткан экен… Калың топ ага Ак үйдү матай тиктеген жалгыз жанган көз сыяктуу же түйүлгөн чоң муштум сымал көрүндү. Калың топтон чыккан доош кекенген ачуу үн сыяктуу угулду ага. Аңгыча музей тараптан, аңгыча туш-туш тараптан эл агылып баягы топко кошулуп кире баштады. Касиет нес болуп туруп калган экен, ийнинен дүп эткенче уруп өткөн, жөөлөп өткөн, чуркап өткөн кишилерди көргөндө денеси бир дүр-р этип алды да, чыдабастан алардын артынан кошо чуркады. Касиет жөн салды эле чуркаган жок. Соңку жылдан берки саясий процесстин баарына өзү күбө болуп келаткан. Кырдаалды тыңшап аткан. Өз көзү менен көрүп, катышып, окуяларды ырааты менен тизмектеп жазып аткан. Касиеттин өзүнүн болжолу бар. Теориясы бар. Жадыбалдын тартибиндей чоттогон чоту, теңдемеси бар. Ал теңдеме кайда алып барат, жүрүшү кандай болот – анын баарын анализдеп күндө кечте, күндө таңда карап аткан, күтүп аткан. Ал ага кызык болчу, керек болчу, анткени ал анын кесиби, адистиги. Университеттеги сабагын болуп аткан чыныгы турмуш аркылуу жасачу. Өлкөдө саясий кырдаал кантип түзүлөт, канча мезгилде түзүлөт, нааразылык кантип, эмнеден башталат. Нааразылыктын булагы эмне? Факторлор кандай? Бийликтин табияты, жоопкерчилиги деген эмне? Бийлик маселени кантип чечет, күчү эмнеде, ыкмасы эмнеде, алсыздыгы эмнеде? Ал эми элдин табияты деген кандай? Ал тарыхтан келеби, кандан келеби? Элди эмне ынандырат же эмне ынандырбайт, эл үчүн маалымат деген эмне, маалымат кайдан кантип жаралат, кимдер жаратат маалыматты? Чын маалымат жана калп маалымат деген эмне? Эл аны билеби? Элдин каалоосун эмне түзөт? Бийлик менен элдин аралыгында эмне бар жана ал канчалык? Эл кимге жана эмнеге ишенет же таянат? Кимди кантип тандоо керек экенин, кимди кантип ээрчүү керек экенин эл эмнеден билет, дегеле эл ким бирөөнү ээрчиш керекпи? Лидер ал ким? Ал кимге лидер? Канча адамдын же кай аймактын лидери? Сүрмө топ деген эмне? “Үчүнчү күч” деген эмне? Үчүнчү күч кимдин досу же кимдин касы? Деги ал бар немеби, “Үчүнчү күч?” Акыры бул саясий кырдаалбы же тим гана кыргыз-кырдаалбы? Саясатта кыргыздын тозогу деген эмне? Эмне үчүн башкалар кыргыз майданын кыргыз тозогу деп аташат? Эмне үчүн ал күрөш эмес – тозок?! Мынакей Касиеттин дептеринде ушундай суроолор… Таппаган, түшүнүксүз бирок тегерек көзүн төрт кылган кызык суроолор!”.

Дагы караңыз

Тоо ыраактаган сайын бийиктейт

Кордайлык жигиттин жарандык бекем позициясы бар, адилеттик талап кылып, калыстыкты орнотууга жанын аябаган кыргыз элине урмат-сыйы чексиз эле.

“- Кагылайын кыргыз элим, жериңде жашап, абаңдан дем алып, сууңдан ичип, билимиң алып аткан бир боор элим, билемин, бүркүттөй, шумкардай мүнөзүң бар элсиң! Уккам, окугам, сен Манасы бар улуу элсиң! Бирок бүгүнкүдөй тагдыр чечээр күнүңдү кантип чечээриңди ойлобопмун, билбепмин... Сенин түпкү, анык сапатыңа күбө болуп, өз көзүм менен жаныңдан көрбөпмүн. Карачы, сени көрүп сүрдөп турам, куду арыстандай болуп алды артыман ашыгасың, ашасың, мен мындайды көрбөгөмүн, кинодон, китептен көргөм бирок да өз жашоомдон сезбегемин. Эрдик менен чындыктын сүрү, көрсө, дал ушундай болот тура! Мен аны ааламдан эмес мына азыр Ала-Тоонун аянтынан, кыргыздын аянтынан көрүп атам! Ошол үчүн бул ирмем кыргызга эле эмес мага дагы тарыхый күн. Коңшу өлкөмө, ааламды тегеренсем таппаган окшош өлкөмө, мага, өңүмө, көзүмө, тилиме окшош өлкөмө тынчтык гана каалаймын. Ырысын татып, чырактай кызын сүйгөн Кыргызстаным менин боор этим менен биргесиң! Кандай капсалаң учур болсо да сага бакубаттык тилеймин! Бирок жүрөгүм бүгүн тынч эмес, билесиңби, кагылайын кыйбас элим, сенин турпатың бүгүн тынч эмес!..”.

Касиет тизелерин майда калтырак басканына карбай калың топко кошулуп, бирде үйүнөн узатып аткан апасынын сөздөрүн, кээде Назгүлүн эстеп, Ак үйгө агылган эл менен кошо сүрүлөт.

“Аңгыча эле калың эл мурдагыдан дүрбөдү. Бир паста кулакка жат сүрдүү добуш башка жактан башталды. Көрсө, калкандарын каккылаган ОМОН тобу калың элдин бет алдынан чыгыптыр. Алардын сүрүн көргөндө Касиет кетенчиктеп токтой калды… Дал ошол маалда кудай бетин салбасын асмандан булут сүрүлүп түшүп келаткансып агарган бир нерсе кулап келатты… Анын эмне экенин түшүнгөнчө алиги асмандан аткан шаркыратма Касиеттин жаныдагы балдардын он чактысын катары менен жерге уруп кулатты… Көрсө, кубаттуу суу бүрккүч машине экен! Касиет кайпастап кайда качаарын билбей оңду-сол ойт берип калың топтун ичи менен чуркап жөнөдү. Ага да болбоду, аңгыча эле дал алдынан тарс-с этип ачуу-чыңырык граната жарылды! Аны угаары менен Касиет бүт мууну шал болуп, кулагы дүлөй болуп тизесин бүгүп асфальтка тизелеп олтуруп калды. Эки колу менен кулагын жаап, эсин жоготуп калчылдап титирей баштады. Бир кезде ага ошол жетишпей аткансып бирөөнүн кубаттуу тизеси келип жонунан дүп-п эткенче уруп өттү! Ошондо Касиет таптакыр эле жерге кулап түштү. Бир канча убакыт өтпөй Касиет эсине келе калды да “Менин папкам!” деп кыйкырды. Темселеп, жерди сыйпалап жерден папкасын издеп кирди. Ал көтөрүп жүргөн папкасын жоготуп жибериши мүмкүн эмес! Анткени анын ичинде карегиндей сактап келаткан кагаз-эмгектери бар болчу. Акыркы айлардагы окуялардын тизмеги, ондогон митингдер, андагы айтылган курч сөздөр… өзүнүн ойлору… Айтор ал жоголбошу керек! Бүгүн илимий жетекчиси менен да, Назгүл менен да бул тууралуу сүйлөшкүсү келген, ошол үчүн баардык кагаздарын жанына салып алган эле.

Дагы караңыз

Табияттын сулуулугуна суктанган жазуучу

Касиет тизелеп жерди сыйпалап атып акыры папкесин таап алды. Ал ошого сүйүндү. Өзүнө келип, абай салып караса Тарых музейинин күн чыгыш капталына келип калганын көрдү. Аянт жак дале тополоң. Эл баягы калкандарын каккылаган ОМОНчулардын катарын бузуп, аларды сызгырылтып Ак Үйдү көздөй кубалап калган кези экен. Ошондо аянтты карай чуркап келаткан эки жигит: “Эй досум, жакшыбы?!” деп жерде жаткан папканы ала коюп Касиетке сунду. “Жакшы, жакшы, рахмат!” деди. Анан ойлонуп да койгон жок, эки жигиттин коштоосу менен дал ошол кыргындын өзүн көздөй аянтка кайра чуркап жөнөдү. Касиет кыяматтын бир кырынан ашкансып, корккону жоголуп, негедир чыйрала түшкөнүн сезди. Алиги эки жигиттин бир жолку абал сурап койгону эзелки тааныштардай аларды бир ирмемде жакындатты. Кырдач мурун жигит артына бир кайрылып: “Жүрү дос, коркпо!” деди. Касиет жигиттин ошол сөзүнө эреркеп кетти: “Жарайды, баратам, баратам!” деп чуркап баратып да ичинен кайра-кайра кайталай берди. Үчөө келип калың топко кошулду. Алар Ак Үйгө жакындап калышкан эле. Аңгыча эле дал алдында чуркап келаткан алиги кырдач мурун жигит оңкосунан түшүп жерге кулап түштү. Бул ирет Касиет биринчи болуп ага өнтөлөп кол сунуп олтура калды:

-Эй, досум, сен чалынып кеттиң го! Келе колду!

Бирок ал колун берген жок. Көк бөрүнүн улагындай тулуп болуп суналып жансыз жатты. Ийнинен өйдө тартканча төшүнөн дирилдеп кан агып атыптыр! Эмне болду?! Эмне болуп кетти?! Тиги досу да жандалбастап ага жабышты. Эч ким, эч нерсе түшүнгөн жок! Дал ошол маалда:

-Атып атат! Крышадан элди атып атат! Эш-шектер! деп кыйкырган үн угулду. Мына ошол сөздү укканда анан алар азыр эмне болгонун аңдай калышты. Ошол замат дал кулагынын түбүнөн “Качпа-аааа! Алгаа-ааа!” деген чаңырган ачуу үн угулду. Ошондо Касиет ого бетер алдастап калды. Кылчайып алды-артын караса коркуп калган, кылчактаган бир да жанды көргөн жок. Баарысы Ак үйдү жолборстой теше тиктеп чуркап барат! Демек, качпаш керек экен да! Демек, качкан уят экен да, намыс экен да! Касиетке эмелеги жигиттин “Качпаа-а!” деген үнү бир тең да, алдыга Ак үйгө кадалган көздөрү бир тең көрүндү. Анын бүркүттөй көз карашы ага жалын болуп бир тийди! Ар жактан дагы башкасы, дагы башкалары кыйкырып жатты: “Качпагыла! Коркпогула!” Окко карабай жанынан, алды-артынан арстандай атырылып жигиттер түптүз ошол ОМОНдун өзүн көздөй, Ак үйдүн өзүн көздөй төшүн жайып баратышты. Ошондо кайдандыр жүлүнүнө намыс тээп, Касиет колунда жансыз жаткан жигитти бир карап алды да токойдогу жапайы жаныбардай кыйкырып-кыйкырып алды! Колтугуна сороңдотуп папкасын кысты да жерде жаткан жансыз жигитти төрт-бешөөлөп четке көтөрүп кетишти. Тез жардамдын чыканактай машинесине кырдач мурун жигитти салып беришти. Бирок кырдач мурун жигитке эми тез жардамдын кереги жок болчу…”.

Касиет аянттагылар менен антташып алгандай, алардын бөлүнүп калбай папкесин бекем төшүнө кысып алып, коркуу эмне экенин унутуп, Ак үйдү көздөй чуркайт.

“Эгерде күндөгүдөй тынч убактысы болгондо Касиет папкасындагы барагын ачып минтип жазмак: “Бүгүн 7-апрель. Мен өмүрүмдөгү эң кара жолтой күндү башымдан өткөрүп жатам. Кыргыз Республикасынын ажосу иштеген үйдүн чатырында көзгө атар снайперлер олтурат. Элдин айтымына караганда алар Ак үйдүн 6-7-кабатынын терезелерин да пайдаланып жатышат. Алар жол баштап алга жылгандын баарын таранчыдай сулатып аткылоодо… Мен мындайды көрдүм беле? Жок! Көргөн эмесмин! Менин көз алдымда бир жигит окко учту. Аны менен Ала Тоо аянтында баратып 15 мүнөттөй ынак дос болдум. Болгондо да акыреттик дос экенибизди биз бир көз карашыбыздан түшүнүшкөн элек... Эми ал жок! Эгерде бүгүнкү күн тынч өткөндө мен ал кырдач мурун жигиттен көп суроомду сурамакмын: анын кыялы эмне экенин, кыялынын канчасына жеткенин, сүйгөн кызы же жубайы бар экенин, мага окшогон энеси менен акыркы ирет качан, эмне деп сүйлөшкөнүн анан дагы негедир шишкебек жасай аласыңбы деп сураар элем мен андан… Бир ирет Ала-Арчага барып шишкебек бышыра албай Назгүлгө уят болгонумду айтып бермекмин… А балким кырдач мурун жигит эч качан менчилеп эч кимге уят болбогондур, баарына эптүү, турмушту камырдай ийлеген жигит болгондур, а балким мен сураган шишкебекти да катыра жасамактыр… Эми бүттү, баары бүттү, ал жигит эми эч кимисин сүйүнтө албайт! Жылт-жылт этип азгырган жашоону да сүйө албайт…”

Касиет артынан жыгылган адамдарды көргөн сайын тиштери кычырап, ачуусу башына тээп, чөнтөгүндө телефону тынбай чырылдап атканы, энесиби, Назгүлүбү чалып, жазып атканына көңүл бурбай алдыга чуркайт.

“Аңгыча көргөндүн көзүн алайткан көрүнүш - ачык калган Ак үйдүн дарбазасына ак халатчан бир медайым пайда болду! Ал түз эле Ак үйдү карай жөнөдү. Ал шашкан да жок, чуркаган жок, жумушунда тыныгуу убагына бараткандай жайбаракат басып баратты. Көпчүлүктүн деми катып эр жүрөк айымды карап калды! Медайым түз эле Ак үй алдында катар тизилген автоматчан аскерлердин алдына барды да мына ошол жерден колун өйдө көтөрүп, айрымдарынын куралын тарткылап, улам бир катардан экинчисине өтүп жоокерлерге бир нерселер сүйлөп атты… Анын үнү себелеп турган жамгырлуу абага сиңип, үзүл-кесил гана сөздөрү элге жетип атты… Ошону көргөндө Касиет үңк-үңк этип тамагы буулуп өксүп жиберди. Медайымдын аскерлерге эмне деп какшап атканы угулбаса да түшүнүктүү эле! “Өз бооруңарды боздотпогула, өзүңөрдүн каныңарды өзүңөр төкпөгүлө!” деп жаткансыды…

Бир кезде байкаса темир тордун түбүндө жаткан эки кишинин бири колу менен жерди чыканактап Касиеттин көздөрүн типтике найзадай сайып тиктеп турган экен! Касиет аны көрүп чоочуп кетти. Тегерек көздөрү тимеле жомоктогу үкүнүн көздөрүндөй көк-жашыл тартып, күйүп-жанып туруптур! Ал киши жардам да сураган жок, колун сунуп жансоога да айткан жок, бар болгону тирүүсү өчүп бараткан көздөрү менен кыймылсыз Касиетти тиктеп калыптыр! Байкап караса, көйнөгү айрылып ийнине түшүп, акыректин үстүндө бир тамырдан кан чоргодой чууруп агып аткан экен! Касиет аны көрөөр замат көкүрөгүн бирөө оюп алгансып, жүрөгү канап кетти – ал кишини карай боюн таштады! Мынакей дал ошол ирмем, дал ошол секундда Касиеттин көзүнө жылт этип бир нерсе илине түштү… Ал нерсе Касиеттин дал орто карегин көздөй жылып келаткан эле… Ал эмне дебейсиңби?! Ал көзгө атар снайпердин ажалдуу огу болчу!..

Ошол ок чуркап жеткенче кылт эткен бир элес кошо чуркады:

“Анашым, анашы-ым дээйм, Алматыны кашан көрем? Санжарыңды еки ирет алпардың гой, а мени кашан?!” “Ой баай энди сен кишкинесиң гой, үш ай каникулуң келсин, сени сөзсүз алып барам, жарайдымы?..” Ошол секундда Касиеттин денесинен балалыктын бир үзүмү учкан октон да ылдам чуркап кулап түштү…

Дал ошол секундда Кордайдын узун кеткен көчөсүнүн башында Касиеттин апасы тандырга нан жаап жатты… “Сары санаа кылбай эрте келсе болбойбу!” деп, Эне, адатынча Бишкектин үстүндөгү сур булуттар тарапты улам-кайра карап жатты…

“Жаным, биз канча балалуу болсок дейсиң?” “Үч эркек, үч кыз!” “Айиий сен мени улам төрөтүп кууратайын дегенсиң го!..” “Жок, асылым, биз сени баарылап анан ааламдагы эң бактылуу Эне кылабыз, көрөсүң го!”

Дал ошол ирмемдерде жообу жок телефонду улам карап, Назгүл, жазып аткан үчүнчү катына олтурган эле:

-Жолдош Эржанов, мен сизге жакшы жаңылыгым бар, тойго чейин бир нерсеге уруксат бере алаарымды караштырып жатам… Тез жооп бериңиз, болбособу болбосо… айнып кетем!..”

…Ачып-көздү жумганча Касиеттин так чекесине коргошун келип жабыша түштү! Ал чыканактап жерде жаткан кишиге жетпей калды… Чыканагы менен жерге жөлөнгөн киши алиги үкүдөй көздөрүн суз гана Касиеттин кан сызылган чексине буруп карап койду да, ошондо акыркы үмүтү үзүлүп чекеси жерге кулады…”.

Тынч демонстранттарга атылган октон аянт канга бөлөнүп, Касиеттин папкесинен чаылган ак барактар ар кай жерде жатты.

“Ичиндеги барактар жерге түшкөнчө “Сенин атың Дөнөнбай, эсиңе кел, кыргыз эл, өз элиңди өзүң атпагының! дегенсип барактар чымчык болуп асманга учту! Ал чымчыктар Дөнөнбайлап канга толгон аянттын асманына көтөрүлдү. “Эсиңе кел, кыргыз эл! Өз элиңди атпа!!!” деди кайталап. Алардын бири талпынып Ак үйдүн үстүнөн учту: “Кан менен башкарбай канат болуп башкарат! Өз элиңди атпа!” деди! Кантип ушул күн, ушул кырдаал түзүлгөнүн баян кылган барактардын жарымы жамгырлуу сууга эзилип жерде жатты…”.

Апрелдин тамчылары ачуу жашка айланып, Касиет сыяктуу жалп өчкөн өмүрлөр чымчыктай чырылдап “өз элиңди атпа” деп безеленип, чыгарма жыйынтыкталат. Автор чакан аңгемесинде илгери үмүтү бар, жакшы жашоо болсо, адилеттүү бийлик орносо деген жаштардын ой-максаты кантип талкаланып, көчөт өмүрлөр кандайча жайраганын көрсөтөт.