Бүгүн 6-апрелде Талас шаарындагы борбордук паркта Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, 2010-жылдагы Апрель окуяларынын катышуучулары, анда каза тапкандардын жакындары катышты.
Чогулгандар Апрель баатырларынын эстелигине гүлчамбар коюп, куран окушту, курман болгондордун урматына аскердик залп атылды.
Талас облустук драма театры Апрель ыңкылабын чагылдырган театралдаштырылган пролог тартуулап, "7-апрель мектеп окуучуларынын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.
16 жыл мурда, 2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин башкаруу режимине каршы нааразылык иш-чаралары 6-апрель күнү Талас шаарында башталган.
Электр энергиясынын кымбатташына жана мобилдик байланыш үчүн кошумча төлөм алынуусуна каршы чыккан эл өлкөнүн бардык аймактарында көтөрүлгөн. 7-апрель күнү Бишкекте борбордук аянтка чогулган элге ок атылып, кеминде 87 адам окко учкан, миңден ашуун киши түрдүү жаракат алган.
Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, өзү Беларустан башпаанек тапкан.
2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган. Курманбек Бакиев 30 жылга, уулу Максим Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу жетекчиси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.(ZKo)